ИсламЖолу 4040 смс кызматына кошулуу жолу

ИсламЖолу 4040 смс кызматына кошулуу жолу

ИсламЖолу 4040 СМС кызматына кошулуу у-н 4040 номерине оз-озунчо 3 смс жонотуу к-к
1-смс: START
2-смс: Англ.тилинде аты (М: Alik)
3-смс: ON ISLAMJOLU

Исламжолу 4040 смс кызматтаны катталуу жолу«СМС ИСЛАМЖОЛУ» КЫЗМАТЫ ДЕГЕН ЭМНЕ?

Бул кызмат СМС-каттар аркылуу сизге Ислам тууралуу ЭСКЕРТҮҮЛӨР келип турмакчы. Окурман кызматка кошулганда ага Куран аяттары, Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын саламы жана салаваттары болсун) хадистери, турмушка керектүү кеп-кеңештер, дүйнөдөгү жана өлкөбүздөгү диний жаңылыктар, жарыялар СМС аркылуу келип турат.

«ИсламЖолу 4040 смс» КЫЗМАТЫНЫН ӨЗГӨЧҮЛҮКТӨРҮ:

1- Бул коммерциялык долбоор эмес. Сервистен эч кандай киреше түшпөйт. Долбоор бир гана диний агартуу жана шариат маселелерин жеткизүү багытында иштейт.

2- Дин тууралуу сабатын жогорулатууну каалап, бирок жумуш, үй-тиричилик, соода иштеринен бошой албай жаткандар үчүн – бул кызмат өтө пайдалуу. Күнүнө бир нече СМС окуу аркылуу инсан Ислам дининен ЭСКЕРТҮҮ ирээтинде маалымат ала берет.

3- Кызмат акысыз көрсөтүлөт. Сизге келген СМС-тер үчүн сиз эч нерсе төлөбөйсүз.

4- Кызмат телефондун бардык түрлөрүнөн жеткиликтүү. Кымбат баалуу смартфон же айфондордун деле кереги жок. Негизгиси аппаратта СМС алуу-жиберүү функциялары иштесе болду.

Кызматка Кыргызстандан, Казахстандан, Россиядан, Америкадан, Кореядан, Турциядан ж.б. мамлекеттерден кошулса болот.

ИсламЖолу 4040 смс кызматына кошулуу«СМС ИСЛАМЖОЛУ» КЫЗМАТЫН КАНТИП КОШУЛА АЛАСЫЗ?

КЫРГЫЗСТАНДАН:
Билайн жана Мегакомдон гана кошулса болот. Тилекке каршы О! болбойт.

1-кадам. START сөзү жазылган СМС-ти 4040 кыска номерине жөнөтөсүз.

2-кадам. Сиздин атыңыз англис тамгалары менен жазылган СМС-ти 4040 кыска номерине жөнөтөсүз. Эгер сиз аты-жөнүңүздү атагыңыз келбесе башка бир ат жазып жиберсиз (псевдоним же логин, мисалы: “Er Toshtyk”, “flamingo” ж.б.у.с).

3-кадам. ON @islamjolu деген сөздөр жазылган СМС-ти 4040 кыска номерине жөнөтөсүз (ON жана @islamjolu эки башка сөз, экөөнүн арасында бош орун калыш керек).

Бардык кадамдарды туура аткарган болсоңуз сиз кызматка ийгиликтүү кошулгандыгыңыз тууралуу СМС-билдирүү келет.

РОССИЯДАН:
Билайн жана Мегафон операторлорунун абоненттери гана кошула алат.

Жогоруда айтылгандай эле 3 кадам аркылуу кошулуу керек. Бирок Билайн болсо 8080 деген номерге, МегафонМосква болсо 7070 деген номерге смс жөнөтүлөт.

БАШКА МАМЛЕКЕТТЕРДЕН:
ИсламЖолу 4040 смс кызматына башка мамлекеттердин операторлорунун номерлерин сиз ИсламЖолу менен байланышып билип алсаңыз болот.

🌿© ИсламЖолу🌿
🌿www.islamjolu.kg🌿

Пикир жок