Исра жана Мираж кечесин тосуу боюнча

❓СУРОО. Пайгамбардын мавлидин (туулган күнүн) жана исра-мираж кечесин адамдарга даават кылуу максатында белгилөөгө болобу? Жана ал нерселерди Индонезиядагыдай, исламдын белгиси кылуунун өкүму кандай?

❗ЖООП.

(ФЕТВАЛАР БОЮНЧА КОМИТЕТТИН ЖООБУ)

Пайгамбар ﷺ исламга сөз, амал жана Аллах жолунда аракети менен чакырган. Дааваттын, анын таркалышынын, Исламдын белгилерин көрсөтүү жолдорун – баарынан жакшы Пайгамбарﷺ билген.

⚠ Даават кылуу жана ислам белгилерин көрсөтүү үчүн – мавлидди, исра жана мираж кечесин тосуу керектиги – Сүннөттө келген эмес.

❕Пайгамбар ﷺ бул нерселердин (маулид жана исра-мираждын) урматын билген, жана аларды кандай урматташ керек болсо так ошондой урматтаган.

Пайгамбардын сахабалары (Аллах алардан ыраазы болсун) анын жолун эрчишкен. Даават кылуу жана Исламды таркатууда анын Сүннөтүн карманышкан. Ошондуктан алар бул нерселерди же буга окшогон чоң жаңы нерселерди белгилешкен эмес.

Ахли-Сунна валь Жамааттын авторитеттүү аалымдарынан да (Аллах аларды өз ырайымына алсын) бул нерселерди белгилегендиктери тууралуу эч кандай маалымат келген эмес.

? Бул нерселерди белгилөө – таза шариат тууралуу илими тайкы келген рафидит, шиит секталары ж.б.у.с. – диндеги бидаатчы жана аша-чапкандар тарабынан колдонулат.

Жогору айтылган нерселерди белгилөө – Пайгамбардын ﷺ, Хулафа Рошидиндердин (Абу Бакр, Умар, Усман жана Али) жана алгачкы эң абзел үч доордогу салаф солихин (сахаба, табаин жана табатабаин) имамдарынын жолуна каршы келген үчүн – жийиркеничтүү бидаат болуп саналат.

Бул тууралу Пайгамбардан ﷺ мындай деп келген: “Кимде ким биздин ишибизге (динге) анда жок жаңы нерсе киргизсе — ал кайтарылат”, жана дагы айткан: “Кимде ким биздин буюругубуз болбогон нерсени [дин деп] аткарса — ал кайтарылат”, о.э. айткан: “Диндеги жаңы нерселерден сак болгула, чынында ар бир жаңылык бидаат, жана ар бир бидаат адашуу”.

Аллахтан гана жардам күтөбүз. Пайгамбарыбызга, анын үй-бүлөсүнө жана сахабаларына Аллахтын салаваттары болсун!

? Илимий изилдөөлөр жана Фетва берүү боюнча Туруктуу комитет (Сауд Аравиясы)

? Төрөга – Абдульазиз Ибн Баз
? Орун басар – Абдурразак аль-Афифий
? Мүчө – Абдуллах Ибн Гудаян
? Мүчө – Абдуллах ИБн Куъууд

? Фетва №3323, 11-суроо.
(1-мажмуъа, 3-том, 3-бөлүк, 24-бет)

Булак: alifta — Фетвалар боюнча туруктуу комитеттин расмий сайты

????????????
© ИсламЖолу

Share

You may also like...

Добавить комментарий