Илим жашоонун башаты. Илимдин артыкчылыгы.

Бардык жакшы иштер, солих амалдар илимге негизделет. Илим – жашооңдогу бүтүн жакшылыктын башаты.

Илимсиз  ибадат кылган сайын адам Аллахка жакындабай, тескерисинче Аллахтан алыстай берет.

Илим бул Аллахка алып барчу эң жеңил, эң кыска жол.

Илим албай туруп Аллахка жетем деген киши — эң кыйын, эң алыс жолду тандаптыр.

Илимдин Исламда орду чоң. Эң абалкы Курандын аяты да “Оку!” деп түшкөн. Илим жонундо хадистер аябай арбын.

 

? Илим жана илимдүүнүн артыкчылыгы тууралуу хадистер

«Аллах кимге жакшылык каалаган болсо, ага динди түшүндүрөт. (Бухари Муслим)

«Илим жолуна түшкөн адам, Аллах ага Бейишке жолун жеңилдетет» (Муслим).

Мааниси: Аллах бул инсанга хидаят эшиктерин ачат, ибадаттарды аткаруусун жеңил кылат жана Бейишке киришин тездетет: Акыр кыямат күнү эсеп-кысап алынаардагы күтүп туруунун азаптарын башкалардай болуп көрбөйт. Акыретте мындай адам Тозоктун үстүндөгү Сырат көпүрөсүнөн бат өтөт.

«Илим издеп үйүнөн чыккан ким болбосун, периштелер анын кылганына ыраазычылыгын билдирип канаттарын ага төшөшөт» (ат-Тирмизи, Ибн Маджа).

Бул хадисте илим алуунун кадыры жөнүндө ачын айкын айтылат, себеби периштелер ыраазы болуп, урматтап өз канаттарын ага жайып жаткан кишиден ким жакшыраак?! Ал үйдөн бир гана илим алуу үчүн чыгат эле.

Аалым менен жөнөкөй сыйынуучунун (абид) айырмасы толуп турган ай менен башка жылдыздардай” (Абу Дауд, шейх Альбани хадисти сахих деди). Абиддин пайдасы өзүнө гана чектелүү (жылдыз). Ал эми аалымдын пайдасы бүт инсаният, жин, жаныбар, керек болсо жаратылышка таркайт (толуп турган ай).

Илим – жашооңдогу бүтүн жакшылыктын башаты.

 

?Канчалык Аллахка болгон махабат күчтүү болсо — илимге болгон талап да күчтүү болот.

Адамдар илим талап кылууда 3 бөлүнөт:  аз-маз гана илим алгандар, ортосундагылар, баарын озгондор. «Кийин Биз Китепти (Кураанды) тандап алган пенделерибизге (Мухаммаддын үммөтүнө) мурас кылып бердик. Алардын арасында өзүнө зулум (күнөө) кылгандары, (жалаң важыпты аткарып, арамдан сактануу менен гана чектелген) орточолору да бар. Жана алардын арасында Аллаhтын уруксаты менен сооп иштерди (бири-бирине) атаандашып ашкандары да бар. Бул — (аларга Аллаh берген) эң чоң пазилет.» (Куран, аль-Фатыр 35:32)

 

⌛ Акыретке илим менен жетебиз

Ажайып нерсе! Эй, адам! Убакыт агып жатат, а сен болсо илим казмак турсун анын жытын да жыттай элексиң. Бул дүйнөгө кандай келсең ошондой эле кетип каласыңбы? Бул дүйнөдөгү э-э-э-ң таттуу болгон нерсе — Аллахты таануунун даамын да таткан жоксуң. Акыретке банкрот болуп сапар тартып жатасың.

Ошондуктан ошол илимди талап кылалы. Үйдө отурсак илим эшигибизди «тук-тук» кагып өзү эле келип калбайт. Илимди аалымдардын астынан алуу үчүн сапарга керек болсо чыгуу керек.

 

© ИсламЖолу

 

Share

You may also like...

2 комментария

  1. Аллах ыраазы болсун сиздерден дагы коп коп илим тууралуу жоното бериниздер

  2. Аллах ыраазы болсун сиздерге.Бала тарбиялоо бойюнча кобуроок маселе жазсаныздар жакшы болот еле,Аллах ыраазы болсун

Добавить комментарий