«Таухид» деген сөз адамдарды исламдан качырып жатабы?

 

Шейх муфтий ‘Абдуль-‘Ази́з А́ль аш-Шейх (Аллах аны Өз коргоосуна алсын)   Сауд Аравиянын муфтийи Дүйнөдөгү ахли-сунна аалымдарынын бири             Фатва берүү комитетинин мүдүрү                                                                         Чоң уламалар кеңешинин мүдүрү

Суроо: “Биз «Таухид» деген сөз менен адамдарды динден качырып жатабыз” — деген сөздөргө, оюңуз кандай?

Жооп: Бул туура эмес! Тескерисинче «Таухид» мусулмандардын жүрөктөрүн жана саптарын бириктирет. Мусулмандарды, Үммөттү бирдиктүү кылат. Биз эч качан бир бүтүн Үммөт боло албайбыз, качан гана ибадаттарыбызды ыклас менен Жалгыз Аллахтын Өзүнө гана арнап, Ага гана сыйынмайынча.

Аллах Таала айтат: ۞ Сен алар менен макул болсоң, алар да сени менен келишип алууну каалашат ۞ (68:9)

Кыскасы мушриктер сенин Таухидтен баш тартууңду каалашат. Жана сенин ширкке болгон ачык жиркеничиңди көргөзбөөңдү каалашат. Ошондо алар сага кошомат кылышып сүйүп башташат.

Тескерисинче Таухид ачык-айкын жарыяланышы жана көргөзүлүшү керек. Ал эми Таухидти сүйгөн адам сүйө берсин, жек көргөнү жек көрө берсин.

© ИсламЖолу

Share

You may also like...

Добавить комментарий