Намаздан кийинки зикирлер

Сүннөт боюнча ар бир мусулман – мейли ал имам болсун  же ага уюган адам болсун, же ал жалгыз окуган абал болсун – парз намаздан кийин “Аллах мени кечир” (астагфир Аллах) деп үч жолу айтып, “О, Аллах! Сен Тынчтыксың жана Сенден тынчтык! Берекелүүсүн, о, Улуулук жана Урмат Ээси” (Аллахумма анта-с-Салаам ва минка-с-Салаам табааракта йа заль-Жалаали валь-Икрам) дейт.

Андан соң – эгер имам болсо – бурулуп, эл жакты карап отурат.

? Андан кийин ар бир киши – мейли ал имам же ага уюган же жалгыз окуган адам болсун – айтат: “Аллахтан башка илях жок, Ал жалгыз, шериги жок. Бардык мүлк, бардык мактоо Ага гана таандык. Ал бардык нерсеге күчү жетет. Аллахтын жардамы менен гана күч-кубат болот. Аллахтан башка илях жок, Андан башка эч кимге сыйынбайбыз, жакшылык-пазилет Ага гана таандык, чырайлуу мактоолор Ага гана болсун. Аллахтан башка илях жок, биз Динди Аллах үчүн ыклас менен тутунабыз, каапырларга [бул нерсе] жакпаган болсо да.” (Ля илааха иллаЛлааху вахдаху ля шариика лаху, лахуль мулку ва лахуль хамду ва хува ала кулли шайин кодиир. Ля хауля ва ля куввата иллаа биЛлаахи. Ля илааха иллалЛааху уа ля наъбуду иллаа иййааху лаху-нниъма уа лахуль-фадль уа лахус-санаау-ль-хасану. Ля илааха иллаЛлааху мухлисиина лахуд-дина уа лау карихаль-кафируна), “О, Аллах! Сен берген нерсени эч ким тосо албайт, Сен тоскон нерсени эч ким бере албайт! Жана байлык ээсинин байлыгы Сениң алдыңда эч жардам бере албайт!” (Аллахумма ля мааниъа лимаа аътойта уа ля муътия лимаа манаъта уа ля янфаъу заль-жадди минкаль-жадду).

Шам жана багымдат намаздарынан кийин жогорудагыларды айтуу менен кошо “Аллахтан башка илях жок, Ал жалгыз, шериги жок. Бардык мүлк, бардык мактоо Ага гана таандык. Ал тирилтет, Ал өлтүрөт. Ал бардык нерсеге күчү жетет” (Ля илааха иллаАллаах вахдаху ля шариика лаху, лахуль мульку уа лахуль хамду юхии уа юмииту уа хуа ъалаа кулли шайин кодиир) деп он жолу айтылат.

? Андан кийин отуз үч жолудан “Аллах бардык кемчиликтерден таза”, “Аллахка мактоолор болсун”, “Аллах улук” (Субхан Аллах, альхамду лиЛлах, Аллаху Акбар) деп айтып, жүзүнчүсүн “Аллахтан башка илях жок, Ал жалгыз, шериги жок. Бардык мүлк, бардык мактоо Ага гана таандык. Ал бардык нерсеге күчү жетет” (Ля илааха иллаАллаах вахдаху ля шариика лаху, лахуль мульку уа лахуль хамду уа хуа ъалаа кулли шайин кодиир) деп бүтүрөт.

? Сүннөт боюнча ар бир парз намаздан кийин, имам, ага уюгандар, же баардык эле жалгыз окугандар бул зикирлерди ичинен (купуя) эмес, тескерисинче, сыртынан кичине үн чыгарып айтышы зарыл. Бул тууралу эки сахих китепте Ибн Аббастан (Аллах алардан ыраазы болсун) келген риваятта, парз намаздан кийин зикирди үндү чыгарып кылуу, Пайгамбардын ﷺ убагында эле бар болчу деп келет. Ибн Аббас (Аллах алардан ыраазы болсун) айтты: “Алардын (сахабалардын) намазынын аякташын мен билет болчумун. Себеби аны (зикрди) угат элем”.

? Бирок, жамаат менен чогу үндү чыгарып зикр кылуу уруксат эмес. Ар кимиси өзүнчө отуруп, башкалардын үндөрүнө көңүл бурбай зикр кылат. Себеби, жамаат менен чогу зикр кылуу бидаат болуп саналат, ага таза шариаттан эч негиз жок.

? Андан кийин ар бир киши – мейли ал имам же ага уюган же жалгыз окуган адам болсун – ичинен (Аятуль Курсини) окуусу керек.

? Андан кийин ар бири (куль хуаЛаху ахад), (куль аъузу бироббиль фалак) жана (куль аъузу бироббин наас) сүрөлөрун ичинен окушу керек. Шам жана багымдат намаздарынан кийин (куль хуаЛаху ахад), (куль аъузу бироббиль фалак) жана (куль аъузу бироббин наас) сүрөлөрүн үч жолудан кайталайт.

✅ Жогоруда айтылгандардын баары – эң тастыкталган, эң сахих нерселер.

Пайгамбарыбызга, анын үй-бүлөсүнө, сахабаларына жана аны Акыр Кыямат күнгө чейин ээрчигендерге Аллахтын салават-саламдары болсун.

_______________________
Абдульазиз Ибн Баз
Сауд Аравия муфтийи, “Чоң Уламалар Кеңешинин” төрөгасы жана “Илимий изилдөө жана Фатва башкармалыгынын” төрөгасы.

24/10/1414 Хижрий жылы

Алынган булак: http://www.binbaz.org.sa/article/309

© ИсламЖолу

www.islamjolu.kg

Share

You may also like...

Добавить комментарий