Ширк кайдан пайда болгон?

Ширк пайда болуусунун бир себеби — өлгөн солих адамдардын арбактарын улуктоо

Тарых. Эң биринчи ширктин пайда болуусу ортомчуларды ‘шапаатчы’ кылып алуудан башталган (кз. Куран 39:3)

Бул аятта мушриктер айтат экен: Биз ортомчуларга сыйынбайбыз, болгону аларды шапаатчыларыбыз дейбиз, б.а. биздей болгон күнөөнөкөрдүн дуасы кабыл болбойт, ал эми ортомчулар (өлгөн салих адамдардын арбактары) бизге караганда Аллага жакын, ошондуктан алардын жардамы менен Аллага жакындайбыз.

Эн биринчи ширк (Нух пайгамбарга чейин) ушинтип пайда болгон. Курандын Нух сүрөөсүндө (71:23) солих адамдардын ысымдары бар. Аларды өлгөндөн кийин улуктап отурушуп аягында аларды ортомчу кылып алышкан. Ибн Аббастын бул аяттарга берген тафсири Бухариде келтирилет.

Мушриктер эмнеге идолдорго сыйынышкан?

-Эч бир мушрик сыйынып жаткан идолун Жаратуучу Кудай деп айткан эмес. Мушриктер Жаратуучу Кудуреттуу Кудай бар жана Ал жалгыз, ал Аллах экенин билишкен. Куран хадис бул маалыматка толо (10:31; 23:24; 23:84-89; 43:9, 20, 87 ж.б. аяттар)

Эмнеге анда идолдорго сыйынышты? Идолдордун 2 гана максаты болгон:
Шапаатчылык кылуу (39:3)
Аллага жакындатуу (10:18)
б.а. Аллага жакындоо, дуалары кабыл болуусу учун ортомчуларды алашкан.

?Илгерки мушриктер өлгөндөрдөн шапаат издешчү, азыркы кээ бир мусулмандар да өлгөндөрдөн шапаат издейт.
Экөөндө анда эмне айырма бар? Эч кандай айырма жок болуп калып жатпайбы.

Албетте, ширк кылган азыркы мусулмандар жахилдер, аларды мушрик каапыр деп айтпайбыз. Аларга дин сабаты жете элек.
Ошондуктан дин илими, өзгөчө таухид тууралуу терен илим алуу ар бирибиздин парзыбыз.

www.islamjolu.kg

©Ислам Жолу

Share

You may also like...

Добавить комментарий