Аялдын фитнасы

Чындыгында Алла Таала    Өзүнүн    Ыйык китебинде аялга болгон эркектердин азгырылуусун кабарлаган.

«Адамдар үчүн (бул дүйнөдө) аялдардан, перзенттерден, кинтар-кинтар[1] алтын-күмүштөрдөн, сулуу-көркөм тулпарлардан, (үйүр-үйүр) малдардан жана эгиндерден турган жыргалдарды сүйүү кооз көргөзүлдү.[2] Булар (опосуз) дүйнө жашоосунун пайдалары. Аллаhтын алдында (булардан) жакшыраак кайтуучу жай — Бейиш бар.

Айт (О, Мухаммад): «Силерге мунуңардан (дүйнө жыргалынан) да жакшы нерсе жөнүндө кабар берейинби? Такыба кишилер үчүн Раббисинин алдында, астынан дарыялар аккан жана анда түбөлүк жашай турган бейиштер, таза-такиза жубайлар жана Аллаhтын ыраазычылыгы бар. Аллаh пенделерин Көрүүчү”.  (3:14,15)

Алла Таала бул – дүйнөдө адам баласынын напси кумары, каалоо – эңсөөлөрү жөнүндө кабарлады. Биринчиден аялдарга болгон азгырыкты эскерди. Анткени бул дүйнөдө эркектер үчүн эң чон азгырык–аялдар. Адамзаттын тарыхында  да эркектер аялдардын азгырыгына дуушар болуп келет. Аялдын азгырыгы эркектен алдында турарын тастыктап Алла Таала мындай деген :  «(Үйлөнө элек туруп) зынаа кылган аял менен зынаа кылган эркектин ар бирин жүз балактан ургула!  Эгер Аллаhка жана Акырет Күнүнө ишенчү болсоңор, Аллаhтын дининде(ги өкүмдү аткараарда) ал экөөсүнө жан тартпагыла! Экөөсүнүн жазалануусуна момундардын бир тайпасы күбө болуп турушсун». (24:2)

Бул аятта дагы зына кылган аялды биринчи эскерип андан кийин зына кылган эркекти эскерди.

Пайгамбарыбыз Мухаммед (Аллахтын тынчтыгы жана ыракматы болсун) 14 кылым мурда аялдардын фитнасы тууралу бир нече ыйык хадистерде айтып кеткен

«Дүйнөдөн жана аялдардан сактангыла!Чындыгында Бани исраил урпактарында алгачкы бузукулук – аялдардан башталган». (Муслим 2742)

«Мен өзүмдүн  артыма  эркектерге,  бузукулук жеткирүү  жагынан аялдардан өткөн зыяндуураагын калтырган жокмун». ( Бухарий 5096)

Бул айтылган аяттар — хадистер аялдардын кадыр-баркын же урматын кемиткени эмес, тескерисинче алар коомдогу  өз ордун билбесе, Алла көргөзгөн жол менен жүрбөсө коомго өтө чон зыяны бар экенин эскерүүдө. Биздин ата-бабаларыбыз деле айтып келген : Кызды кырк жерден тыйуу – деп.Чындыгында бир аялдын бузулушу жүз эркектинбузулушунан дагы зыяндуураак.

Урматтуу    ага-инилер, өз эже-карындаштарыңыздарга  кайдыгер болбоңуздар! Ошондой эле эже-карындаштар, сиздер да Алланын алдында чоң жоопкерчилигиңиздер бар экенин унутпаңыздар.

 

[1] Кинтар — өлчөм бирдиги. Бир кинтар 45 кг. га жакын салмакка барабар.

[2] Ушул аят мусулмандар үчүн аталган жашоо жыргалдары адал экенине далил. Ислам инсан табияты каалаган, сүйгөн нерселерге тыюу салбайт. Болгону, алардын адалдан болуусун талап кылат.

 

? www.islamjolu.kg
© ИсламЖолу

Share

You may also like...

Добавить комментарий