Такфир деген эмне❓ Такфир эрежелери кандай❓ — Шейх Ибн Усеймин

❔СУРОО. Такфир (каапырлыкта айыптоо) маселеси тууралуу — анын ичинен жалпы такфир жана жеке такфир өкүмү кандай болуш керек?

❗ЖООП.  Шейх Мухаммад Солих Ибн аль-Усеймин رحمه الله  айтты:

? Такфир (каапырлыкта айыптоо, каапырлыка чыгаруу), тафсик (фасыктыкка чыгаруу) жана табдии (бидаатка чыгаруу) – тиешелүү иштерге (амал, сөз же ишеним) колдонулчу сыпаттар. Эгер бул нерселер менен сыпатталууга татыктуу болгон тиешелүү себептер же иштер бар болсо – алар (такфир, тафсик же табдиъ) колдонулат.

Эми төмөндөгү эки маселени билбей туруп баланча каапыр деп айтууга болбойт.

1⃣ Биринчи маселе: Ошол амал каапырчылыктын (куфр) амалдарынан экендигин так билүү керек. Эгер билбесек же күмөндө болсок, анда мусулман негизинен ислам дининде кала берет. Аны каапыр деп айтканга болбойт. Мисалы: Эгер кимдир бирөө айтса “Арак ичкен киши — каапыр, анткени арак арам”. Мындай учурда, биз аны каапыр деп айтпайбыз, анын кылган амалы шариатта каапырчылык (куфр) экендигине далил болмоюнча.

2⃣ Экинчи маселе: Бул сыпат (каапырчылык) ошол кишиге тиешелүү экенин биз анык билишибиз керек, б.а. Шариат тарабынан каапырчылык деп табылган бул иш, [конкреттүү] бул адамга ылайык келеби – сөзсүз билүү керекпиз. Ал эми бул нерсе (ошол адамга тиешелүүбү же жокпу) Такфир шарттарынын толук аткарылуусу менен болот.

✅ Такфир эрежелери (шарттары):

Биринчи шарт — Билүү жана ниеттенүү.
Эгер билбеген болсо, аны каапырчылыкка чыгарбайбыз, себеби ага далил (хужжат) али жете элек. Аллах Таала айткандай: “Сенин Раббиң эч бир шаарды кыйраткан эмес, качанга дейре Биздин аяттарыбызды окуп берүүчү бир пайгамбарды алардын чоңдоруна (маанилүү шаарларына, борборлоруна) жибермейинче. Биз шаарларды алардын элдери заалым болмоюнча кыйратуучу эмесбиз” (Куран, аль-Касас 28:59).

Аллах Таала дагы мындай дейт: “Чынында, Биз Нухка жана андан кийинки пайгамбарларга вахий жибергенибиз сыяктуу сага да вахий жибердик. Жана Биз Ибрахимге, Ысмайылга, Исхакка, Яъкубка жана андан тараган [пайгамбар] урпактарга, Ыйсага, Айюбга, Юнуска, Харунга жана Сулайманга вахий жибергенбиз. Ошондой эле, Даудка Забур [китебин] бергенбиз.
Биз сага кээ бир пайгамбарлар жөнүндө мындан мурун икая кылып бердик жана кээ бир пайгамбарлар жөнүндө икая кылып бербедик. Жана Аллах Мусага сүйлөдү.
[Кыяматта] адамдардын колунда Аллахка каршы далил болуп калбаш үчүн [Биз] [ыйман келтиргендерге] Бейиштен сүйүнчү кабар берүүчү жана [каапыр болгондорду] тозок менен коркутуучу пайгамбарларды [бардык элдерге жибергенбиз]. Аллах Кудуреттүү, Даанышман” (Куран, ан-Ниса 4:163)

Аллах Таала айтты: “Биз элчи жибермейинче (эч кимди) азапка салбайбыз” (Куран, аль-Исра 17:15), ж.б.у.с. көптөгөн аяттар.

Ошондуктан амал каапырчылык экендигин адам билбеген болсо, ага такфир чыгарбайбыз.

Экинчи шарт – эгер ал киши куфр сөзүн айтууну же куфр амалын кылууну атайылап көздөсө.
Ал эми эгер куфр кылууга мажбурланса же тили менен байкабай сүйлөп алган болсо, андай учурда ал куфр кылган болуп саналбайт. Бул тууралу Аллах Таала мындай дейт: “Кимде-ким ыйманга келгенден кийин Аллахка каапыр болуп, көкүрөгүн каапырчылыктарга кенен ачып койсо, аларга Аллахтын каары жана улук азап бар. Ал эми, жүрөгү ыйман менен [толуп] бейпил турган абалда [тили менен гана «Динден кайттым» деген сөздү айтууга] мажбур кылынган адамдар[га азап-күнөө жок]” (Куран, ан-Нахл 16:106)

Пайгамбар (алейхис-солаату вас-салаам) айтты: “Чынында, Аллах Таала пендесинин Ага кайрылып кылган тообосуна кубанат. [Төмөндөгүдөй адамдын да кубанычынан катуураак кубанат. Ал адам мындай:] чөлдө бара жатып төөсүн болгон азыгы жана суусу менен качырып жиберет, ал болгон үмүтүн үзүп, бир бактын астына көлөкөлөп, өлүмдү күтуп калат. Бир кезде көзүн ачса, анын төөсү бакка байланып турганын көрүп, аны кармай айтат: «О, Аллах! Сен – менин кулумсуң, мен – Сенин Роббиңмин» деп, катуу сүйүнүчтүн айынан ката сүйлөп алды”.

“Сен менин кулумсуң, мен Сенин Роббиңмин” деген сөз куфр, бирок ошол ниет кылынды беле? Жок, чынында ал, тилинен жаңылышып калды.

? Демек, бул эки шарттын болуусу зарыл. Биринчиси билим. Экинчиси ниет жана каалоо. Ал эми ниети жок болсо жана аны каалабаган болсо, анда эч нерсе эмес.

Бул маселеге тиешелүү бир окуяда – көп күнөө кылган адам тууралуу айтылат. Ал киши өзүнүн туугандарын чогултуп “Мен өлгөндөн кийин мени өрттөгүлө, анан күлүмдү деңизге чачып жибергиле” деп буйруйт. Ошентип Аллахтын азабынан кутулам дейт. Аллах Таала аны Акыретте чогултуп “Сен эмнеге мындай кылдың?” деп сураганда, ал “О, Роббим, Сенин азабыңан коркуп” деп жооп берет. Ошондо Аллах Таала аны кечирет. Бул киши Аллах Таала кайра чогултууга жана эсеп кылууга кудуреттүү экенин билген эмес.

Ошондуктан бул жакта, эки маселени эске алуу зарыл. Биринчиси: Каапырчылыкка (куфр) чыгарган нерсени анык билүү керек. Экинчи маселе: Каапырчылык кылган кишиге такфир шарттары дал келүүсүн анык билүү керек.

Такфирдин шарттары толук туура келүүсүн сөзсүз билүүбүз зарыл. Шарттарынын кээ бирлери [жогору айтылгандай] бул: илим жана ниеттенүү.

Ошол үчүн куфр сөз же куфр амал менен – ал куфрду айткан же кылган кишинин айырмасы бар. Бир сөз же иш куфр деп саналышы мүмкүн, бирок аны айткан же кылган киши, такфир шарттары ага толук ылайык келбегендиктен, каапыр деп эсептелбеши мүмкүн.

Ошондуктан, такфир шарттары анык көрүнмөюнчө, кайсы бир адамдарга карата куфр сөзүн колдонуудан биз өтө кайтараар элек. Себеби, эгер сен бирөнү каапырчылыка чыгарган болсоң, сен аны тозокото деп эсептеген болосуң.

Сен азыр өкүмдү кандай болот экенин көрдүң жана ошол өкүм артынан келчү башка маселелерди да көрдүң – бул өтө кооптуу маселе – бирөөгө такфир чыгарсаң, анын артынан келчү башка маселелер да бар: сен аны сөзсүз жек көрүшүң керек, андан алыс болушуң керек, эгер амир болсо ага моюн сунуудан баш тартууң керек ж.б. Ушулардын бардыгынан адам тилин тыюусу парз.

Булак : ? Лико аль-Баб аль-Мафтух: 11
? www.islamjolu.kg
© ИсламЖолу

 

Такфир тууралуу:

Share

You may also like...

Добавить комментарий