Жүрөгүмдү кантип тазартсам болот?

Жүрөктүн Аллага мерез болуп, Андан алыстоосу- эң чоң жамандык. Алладан алыс жүрөктөр- бул мерез жүрөктөр. Эгер жүрөк мерез болсо, Алладан коркпойт, көздөн жаш да чыкпай калат. Чындыгында, тозок катуу жүрөктөрдү жумшартыш үчүн жаратылган…

Ушул 4 нерсени чектен ашырганда жүрөк катуу болуп калат:

· Ашыра тамак жеш;

· Көп уктоо;

· Көп сүйлөө;

· Пайдасыз иш менен алектенүү;

Дене ооруганда тамак-аш жардам бербегендей эле, жүрөк дагы напси-кумар (шахват) менен ооруганда, айтылган насааттар жан дүйнөнү ойгото албай калат.

Ким жүрөгүн тазалагысы келсе, Алла Тааланы напси-кумарынан бийик койсун.Шахват менен ооруган жүрөктөр Аллахтын ортосунда парда тосулуп турат.

Айрым адамдар жүрөктөрүн дүйнө менен гана алектендирет. Эгерде, акыретке да орун калтырышканда, Алланын аяттарын укканда, же окуганда таасирленишмек эле…

Эгер жүрөк Алланы эстөө менен азыктанганда, жүрөк ээсинин ой жүгүртүүсү терең болуп, бузукулуктан алыс болмок.

Жүрөктү бузуунун жолу кайдыгерлик жана кенебестик. Аны калыпка салуу-Алладан коркуу жана Аны эстөө.

Дүйнөнү өтө сүйгөн адамдын жүрөгүнө Алланы сүйүү сыпаты орнобойт.

Эгер Алла Таала кулун сүйсө, ал кулу Аны көп эстеп денеси менен ага көп ибадат кылат.

Жүрөктү да дарт чалат… Анын шыпаасы тообо кылуу.

Алланы сагынуу жана Ага жолукканды эңсөө дагы жүрөктү тазартуунун жолу.

Күзгүнү чаң баскандай эле, жүрөктү да чаң басат. Аны тазалоонун жолу- Алланы эстөө.

Кийим жыланач денени жаап, адеми абалга келтиргендей эле, такыбаалык жүрөккө көркөм кийим болуп берет.

Адамдын карды ачка болгондой эле, жүрөк дагы ачка болот. Аны тойгузуунун жолу- Алланы сүйүү, илим алуу, Ага тобокел кылуу, Аллахка гана байланып, Ага кызмат кылуу…

Ошон үчүн денебиздеги муштумдай этке (жүрөккө) кайдыгер болбой, аны аяп, бага билгенди үйрөнөлү, тууганым!

Ибн Коййим Ал-Жаузий
Алланын ырайымы болсун.

? www.islamjolu.kg

Share

You may also like...

Добавить комментарий