Ыймандуу кыз кантип ыймандуу жигитти тандашы керек? — Шейх Ибн Баз

Суроо: “Жоолук салынган, мусулман ыймандуу кыз кантип ыймандуу жигитти тандашы керек? Кандай жол менен өзүнө өмүрлүк жолдош тандай алат? Жана ал жигит, кандай сыпаттарга ээ болушу керек? Ушул тууралу айтып берсеңиз, Аллах сизден ыраазы болсун!”

Шейх Ибн Баз رحمه الله  жооп берген :

Ал кыз өзүнө:
-жакшы кулк-мүнөзгө ээ болгон,
-намаздарга бек турган,
-ишеними акыйдасы туура
жигитти карашы керек.

Эгер бир жигит анын колун сурап келсе, кыз, ал жигитти билген ишеничтүү адамдардан ал жөнүндө маалымат алышы керек.

Ыймандуу жигитке кыз биринчи болуп өзүнүн колун сунуштаса деле болот. Кыз өзүнүн валийине (валий: кызды күйөөгө узатууга акылуу махрам бир тууганы — атасы, агасы, баласы ж.б.), ал кыз «мен бул кишиге турмушка чыкканга каршы эмесмин» деп айтса болот. Себеби Пайгамбар Мухаммадке (алейхис солату вас салам) бир аял, ага турмушка чыгууну өзү сунуштаган. Ал ага каршы болгон эмес (тагыраак айтканда анын сунушун колдогон), ал эми өзү үйлөнбөсө, башканы сунуштап, ага турмушка берчү.

Умар رضي الله عنه  өзүнүн кызы Хафсаны жесир калган кезинде Абу Бакрга жана Усманга турмушка чыгууга сунуштаган. Жыйынтыгында аны (Хафсаны) Пайгамбар (алейхис солату вас салам) өзү аял кылып алат.

Демек, аялдын өзүнө жакшы, динде туура жолду карманган кишини (күйө) тандаганында эч кандай жамандык жок.

Бирок, маселенин баардыгы кыздын атасы (валий) аркылуу чечилет. Себеби, кызды атасы (валий) гана турмушка бере алат. Демек, эгер кыз менен атасынын (валий) пикирлери бирдиктүү болуп, бир кишиге токтолушса, мына шариатта талап кылынган нерсе ошол.

Атасы (валий) кыздын көңүлүнө жакпаган же жаман кишиге,аны мажбурлап турмушка бере албайт. Ошондой эле, ал (кыз) дагы өзүнүн атасы (валий) жактырбаган кишини тандаганы туура болбойт, анткени мындай нерсе ата (валий) менен кыздын ортосуна келишпестике алып келет. Ошондуктан, ал (кыз) атасынын (валий) оюн эске алып, ортого эч кандай келишпестик жаратпастан, жакшы тандоо кылышы зарыл”.

Булак: www.binbaz.org.sa/noor/10781

? www.islamjolu.kg

Share

You may also like...

Добавить комментарий