Мамлекет башчылары элди тоносо эл эмне кылышы керек?

⛅ Мамлекет башчылар көбүнчө заалым кишилер болоору хадистерде эскертилген. Бул учурда аларга каршы чыкпастан, көп дуа кылуу керек.

Пайгамбар ﷺ айтты: “Менден кийин силер адилетсиз тартып алуу (асаро) жана силер үчүн жаңы болгон жагымсыз иштерди көрөсүңөр”. Айтышты: “Бизге эмне буйруйсуз?”. Айтты: “Алардын (б.а. амирлердин) акыларын бергиле, өзүңөрдүн акыңарды Аллахтан сурагыла” (Бухари “Сахих: Китаб аль-Фитан”: 7052; Муслим: 1061; Тирмизи: 2190)

Хадистин башка версиясында толукталат: “…сабыр кылгыла качанга чейин мени Хауздан жолукмайынча” (Бухари: 4330, Тирмизи: 4/482). Хауз – Акыр Кыяматта мусулмандар иче турган кереметтүү көлмө.

Шейх Ибн Усеймин رحمه الله бул хадистин маанисин чечмелеп айтат:
? “Мусулмандардын акчаларын каалагандай ысыраптап, алардын акыларын бербеген башчылар келет. Мына бул нерсе асаро жана зулумдук…
Бирок алардын силердин малыңарды тартып алып жатканы, аларга карата милдетиңерди аткарбай койдуртпасын, алар силерден уурдаса, силер алардан уурдабагыла. Бирок сабыр кылгыла, баш ийгиле жана Аллах берген бийлигине каршы чыкпагыла.” ? (Шарх Рияд ас-Солихин: 1\55)

Дагы айтылат: «Элдин пейилине жараша Аллах аларга падыша алып келет. Күнөөкөрлөргө заалым, такыбаларга адилеттүү падыша».

Эл башчыларга каршы эмнеге чыгууга болбойт?

? Бул нерсенин даанышмандыгы:

?- Адамдар кандай болсо башчылары да ошондой болушат: Башчылар оңолсун десе эл өзүн биринчи оңош керек;
?- Адамдардын күнөөлөрү себептүү Аллах алардын башына заалым падышаларды чыгарып коет. Хасан аль-Басринин мыкаачы амир Хажжаж тууралуу айтканы: “Эй, адамдар! Хажжаж деген Аллахтын силерге келген сыноосу. Аллахтын сыноосуна кылыч менен эмес, истигфар менен чыгуу керек. Эгер аны кетирсеңер деле Аллахтын алдында башка, ондогон Хажжажтар бар”;

?- Адамдар оңолсо амирлери оңолот.

? www.islamjolu.kg                                                                                                          © ИсламЖолу

Share

You may also like...

Добавить комментарий