Истигфар деген эмне? ? Истигфардын сөздөрү

 Истигфар — күнөөнүн кечирилүүсүн суранып Аллахка кайрылып дуа кылуу. Аллахтан кечирим суроо — чоң ибадаттардын бири.

?Аллах айтат: “Аллахтан кечирим сурагын! Чындыгында, Аллах – Кечиримдүү, Ырайымдуу”. (Куран, Ниса 4:106)

Аллах Таала ошондой эле мындай деген:“Ким (билип-билбей) күнөөлүү иш жасап (алып), же өз жанына зулумдук кылып (алып), андан соң Аллахтан кечирим сураса, анда, ал, Аллахтын Кечиримдүү, Ырайымдуу экендигин көрөт!” (Куран, Нисаа 4:110)

? «[О Мухаммад], өздөрүнө ысырап (көп күнөө) кылган Менин пенделериме айт: «Аллахтын ырайымынан үмүтсүз болбогула! Аллах баардык күнөөлөрдү кечирет! Чынында Ал- Кечиримдүү, Ырайымдуу!» (Куран, аз-Зумар 39:53).

? Ибн Аббас (алардан Аллах ыраазы болсун) Аллахтын Элчисинин ﷺ мындай дегенин кабарлайт: “Ким Аллахтан такай кечирим сурап жүрсө Аллах ага ар түрдүү (чыккыс абалдардан) чыга турган жол таап берет; анын ар кандай кайгысын жеңилдетет жана ал күтпөгөн тараптан ага ырыскы жиберет!” (Абу Дауд).

? Абу Хурайранын (андан Аллах ыраазы болсун) мындай дегени кабардалат: “Мен Аллахтын Элчисинин ﷺ мындай дегенин укканмын: “Аллахка ант болсун, чындыгында, мен Аллахтан (көп-көп) кечирим сурап (истигфар айтып), күн сайын жетимиштен ашык жолу тооба келтирүү менен Аллахка кайрыламын(ал-Бухари)

Истигфар сөздөрү

Истигфардын сөздөрү: «Астагфируллах» (Аллахтан кечирим сурайм), «Рабби-гфир лии» (О, Раббим, мени кечир) ж.б.

Истигфарлардын эң абзели, кечирим-тооба кылуу сөздөрдүн төрөсү, эң жакшысы

Саййид аль-истигфор

Арабча жазылышы:

اللهم أنت ربي لا إله إلا أنت خلقتني وأنا عبدك وأنا على عهدك ووعدك ما استطعت، أعوذ بك من شر ما صنعت، أبوء لك بنعمتك علي، وأبوء بذنبي، فإنه لا يغفر الذنوب إلا أنت

Кыргызча жазылышы: «Аллахумма анта Раббии, ля иляха илля анта. Холяктании ва ана ъабдука. Ва ана ъаля ъахдика ва ваъдика мастатоъту. Аъуузу бикя мин шарри ма сонаъту. Абуу’у лякя би ниъматикя ъалаййа ва абуу’у бизанбии. Фагфир лии фа-иннаху ля йагфиру-з-зунуба илля Анта»

Мааниси: О, Аллахым, сен менин Раббимсиң, сенден башка илях жок. Сен мени жараттың, мен сениң кулуңмун. Сени менен болгон келишимге жана убадама күчүм жетишинче турамын. Кылган иштеримдин жамандыгынан Сенден коргоо тилейм. Мага болгон нээматтарыңды билем, күнөөлөрүмдү да билем. Чындыгында Сенден башка эч ким күнөөлөрдү кечирбейт. (Бухари)

дуа - сайид аль-истигфар (арабча)

Истигфар кайсыл учурларда кылынат? Истигфар кылуунун өкүмү?

Күнөө жасаган соң Аллахтан кечирим суроо — парз.

Сооп иш жасаган соң — ал кабыл болсун деп истигфар кылуу — мустахаб. Далил:

  • Зарият сүрөсүнүн 51:17-18 аяттарында келет — тахажжут намазы бүткөн соң сухурда истигфар кылгандар тууралуу. Себеби тахажжут эң сооптуу жакшы амалдардан, андан кийин истигфар кылышат.
  • Сүннөттө келет ар бир парз намаздан кийин Пайгамбарыбыз ﷺ үч мертебе «Астагфируллах» деп айтканы тууралуу.

ИсламЖолу Фейсбук-та
ИсламЖолу Одноклассники-де
ИсламЖолу ВКонтакте-де

© ИсламЖолу

Share

You may also like...

1 Response

  1. Мадина:

    Истигфардын дубасын жазып коёсуздарбы?

Добавить комментарий для Мадина Отменить ответ