Жашоодогу кыйынчылыктар эмнеден пайда болот?

Жашоодогу кыйынчылыктар жана тардык адамдын өз колу менен жасаган күнөөлөрү аркылуу болот. Ошол кыйынчылыктар аркылуу анын күнөөлөрү жуулуп кетет.

Алла Таала бир нече аяттарда баяндайт:

«Адамдардын колдору жасаган (күнөө) иштер себептүү жерде жана деңизде (ар кандай) апааттар пайда болду. Аларга кылмыштарынын (азабын) таттырыш үчүн. Кана эми (Туура Жолго) кайтышса!» (Куран, Руум 30: 41-аят)

«Кандай гана кыйынчылык жетпесин, кылган күнөөлөрүңөр үчүн, Ал көбүн кечирет» (Куран, Шуура 42:30-аят)

? Адам баласы такыбалык жол менен Алланын ырайымын таап, жашоодогу кыйынчылыктарды жеңе алат, көптөгөн ийгиликтерге жете алат.

«Эгер айыл тургундары ыйман келтиришкенде жана таква болгондо аларга асманжердин берекелерин ачмак элек, бирок алар «калп» дешти (биздин айткандарыбызды), анан аларды кылган иштери учун кармадык»            (Куран, Аърооф 7:96-аят)

«Ким такыбачылыкты карманса, Аллах ага проблемалардан чыгуу жолун ачат жана ал күтпөгөн жерден ырыскысын берет» (Куран, Талак 66:2-3 аяттар)

▶️ Такыбалык — деп Алланын буйруктарын аткаруу, Анын тыйууларынан тыйылганды айтабыз.

Күнөөдөн арылуу үчүн тооба кылуу керек. Тообанын шарттары:

  • Күнөөнү кайталабоо,
  • Жасаган күнөө үчүн чын жүрөктөн өкүнүү,
  • Күнөө үчүн бушайман болуп Аллахтан кечирим суроо.

 

⛅️ Урматтуу бир тууган! Жашоодогу ар бир кыйынчылык, жумушсуздук, оору, проблемалар ж.б. болобу — аларды өзүнүзгө кайгы же бактысыздык деп кабыл алып артка кетпеңиз! Келген кыйынчылыктар бул Аллахтын сыноосу, ар бир кыйынчылыктан кийин сөзсүз жеңилдик келет:

 «Ал силердин кимиңер эң мыкты (сооптуу) иш жасай алышыңарды сыноо үчүн өлүм менен өмүрдү (б.а. жашоону) жараткан. Жана АлКудуреттүү, Кечиримдүү!» (Куран, Мулк 67:2-аят)

«Чындыгында, ар бир кыйынчылыктан кийин жеңилчилик келет» (Куран, Инширох 94:6-аят)

«Кыйынчылыктан кийин Аллах (сөзсүз түрдө) жеңилчилик кылат» (Куран, Талак 66:7-аят)

«Аллах сабырдуулар менен бирге (б.а. дайым ыйманын сактап, алардын дуаларын кабыл кылып, иштерине камкор болот)» (Куран, Бакара 2:153-аят)

 

? Женилчилик сабыр кылган пенделерге келет, сабырсыздык кайра проблемалардын кийинки, андан оор деңгээлине түшүп калууга алып барат. Сабырдын түбү кандай экенин ар бирибиз билишибиз керек.

Жүрөктүн кыжаалатчылыгын кетирүү үчүн эмне кылам? Анын дабасы барбы?

Ооба, бар. Бул Алланы эстөө (зикр кылуу).

«Чындыгында, Алланы эстоо (зикр) менен журоктор эс алат!»  (Куран, Раад 13:28)

«Ким Менин зикримден баш тартсаанын жашоосу кысылыш болот, акыретте көр тирилет. О, Алла, тиги дүйнөдө менин көзүм көрчү эле годегенде, ага айтылат: Аяттарым келгенде ага сокур болгонсуң, бүгүн ошон үчүн сен да унутуласың» (Куран, ТаХа 20:124-126)

 

© ИсламЖолу

Share

You may also like...

Добавить комментарий