Ханафи мазхабы ‪‎Бараат‬ кечесин тосууга кандай көз карашта?

Ханафи мазхабынын эрежелеринин бири төмөндөгүчө:
«Пайгамбарга ﷺ ээрчүү, анын жасаган нерселерин жасоодо гана эмес, ал жасабаган нерселерди таштоодо (жасабоодо) да турат».

? Бул эреже тууралу айтууда ханафи мазхабынын имамдарынын бири Мулла Али ал-Кари (1052 х/ж) мындай деген: «Пайгамбарга ﷺ ээрчүү, анын жасаган нерселерин жасоодо да, жана ал жасабаган нерселерди таштоодо да турат. Ушунун негизинде ким мыйзамдаштыруучу (т.а. Пайгамбар) жасабаган амалды жасоодо туруктуулукту көрсөтсө (б.а. ар дайым ошону жасаса), ал бидъатчы болуп табылат» («ал-Миркат» 1/41, 95).

? Ошондой эле дагы бир ханафи имамы Ахмад ар-Руми (1043 х/ж) мындай деген: «Эгер кандайдыр бир амалды жасоодо муктаждык болгон кезде жана аны жасоого эч нерсе тоскоол болбогон тушта Пайгамбар ﷺ ошол амалды жасабаган болсо, анда биздин бул нерсени жасашыбыз Аллахтын динине жаңылык киргизүү болуп табылат.»

* * *

? Бараат белгилегенге, ушул кечени колдонуп адамдарга даават кылып калганга Пайгамбарыбыздын ﷺ мүмкүнчүлүгү, андан кийинки сахабалардын мүмкүнчүлүгү бар эле. Ал нерселерди кылуудан аларды эч нерсе тоскон эмес.

Кошумча окуу:

 

Бирок ошого карабай алар булардын бирөөсүн да кылышпады. Эгер бул нерселерде акыйкат болгондо биринчилерден болуп сахабалар, андан кийинки имам мужтахид аалымдар кылышмак. Бирок ал тууралуу эч нерсе бизге жеткен жок.

Демек, Баарат түнүн Шариаттан деп белгилөө, аны ыйык түн катарларына киргизүү, бул кечелерде атайын чогулуу — динде жок нерселерден. Бизге Пайгамбарыбыз Мухаммад ﷺ калтырып кеткен нерселерде Бейишке кирүүгө, Тозоктон сактанууга жетиштүү илим бар. Кошумча кошуп бактылуу болуп кетебиз дегенден сактанайлы!

© ИсламЖолу

Биздин контактылар:
www.islamjolu.kg
islamjolu@inbox.ru
www.telegram.me/islamjolu
www.facebook.com/islamjolu
www.twitter.com/islamjolu
www.ok.ru/islamjolu
www.vk.com/islamjolu
www.my.mail.ru/community/islamjolu
www.instagram.com/islamjolu
+996-550-106363 (WhatsApp, Telegram)

Share

You may also like...

1 Response

  1. Казыбек:

    Ошондо Бараат кечесин тосуу, тундору намаз окуу жарабайбы?

Добавить комментарий