Ыйман деген эмне?

Сөздүк маанисинде (إيمان) иймаан деген – ишенүү – дегенди билдирет. Бир уңгудан чыккан сөздөр (أمن) “амн” аманатчылык, бейкуттук;  (أمين) “амиин” чынчыл, ишенүүгө татыктуу адам; (أمانة) “амаана” аманат. Демек “Ыйман” деген сөздүн мааниси ишенүү, аманчылыкта болуу дегенди камтыйт.

Шариаттагы терминдик маанисинде Ыйман (Ыймандуулук) деп эмнени айтабыз?

Ыйман бул –тил менен айтуу, жүрөк менен бекем ишенүү, дене мүчөлөрү менен амал кылуу.

Ыймандын жетимиштен ашык бутагы бар. Алардын эң жогоркусу — «Ла илаха иллаЛлах» сөзүн айтуу, эң төмөнкүсү — жолдон адамдарга зыян тийгизүүчү нерселерди алып таштоо, ошондой эле  уялуу да – ыймандын бир бутагы.

Ыймандын алты түркүгү бар:

  • Аллахка ыйман келтирүү;
  • Периштелерине ыйман келтирүү;
  • Китептерине ыйман келтирүү;
  • Элчилерине ыйман келтирүү;
  • Акырет күнүнө ыйман келтирүү;
  • Тагдырга, анын жакшылыгы менен жамандыгына ыйман келтирүү.

 

Ушул алты түркүккө далил — Аллах Тааланын сөздөрү:

«Жакшылык бир гана жүздөрүңөрдү чыгыш менен батышка каратууңарда эмес, бирок (нагыз) жакшылык – ким Аллахка, Акырет күнүнө, периштелерге, китепке жана пайгамбарларга ыйман келтирсе…» (Куран, Бакара 2:177)

Тагдырга ыйман келтирүүнүн далили — Аллах Тааланын сөздөрү: «Ырасында, биз ар бир нерсени тагдыр (өлчөм) менен жараттык» (Куран, Камар 54:49)

Сүннөттөн далил болсо Жебреилдин узун белгилүү хадисинде келтерилген.

Ыйман жакшы, сооп иштерди кылуу менен күчөйт,  жаман, күнөө иштерди кылуу менен азаят.

Ыймандын өсуъүшүнө далил Аллахтын бул сөздөрү: “Чынында, ыймандуу адамдарга Аллаhты эскертилгенде, жүрөктөрү коркууга түшүп, аяттары окулганда ал аяттар алардын ыймандарын көбөйтөт. Жана алар Раббисине гана тобокел кылышат.” (Куран, Анфаль 8:2)

 

Ыйман менен Исламдын айырмасы барбы?

Ооба, айырмасы бар. Дининин мартабаларына келсек алгач адам Исламды кабыл кылат, кийин ыйманы күчөгөндө экинчи мартабасы Ыйманга келет, анан гана үчүнчүсү Ихсан даражасына чыгат.

Эгер Ислам-Ыйман эгер экөө бир айтылса — Ислам деп көбүнчө мусулман адамдын дене мүчөлөрү менен аткарчу сырткы амалдарды айтабыз (намаз, орозо, зекет, ажылык);   ал эми ыйман деп жүрөк менен ичтен аткарылчу амалдарды айтабыз (Аллахка, Акыретке, Анын периштелерин ж.б. ишенүү).

Эгер экөө эки бөлөк айтылса анда Ислам менен Ыймандын мааниси чогу түшүнүлөт.

Ыйман бул — Алла Тааланы, Анын пайгамбарларын жана Ислам динин таанып-билүү. “Сахих аль-Муслимде” келтирилген хадисте Жебреил периште Мухаммад пайгамбарыбызга (ага Алланын салават-саламдары болсун) кайрылып:
“Мага Ыйман жөнүндө айтып бер?”,- деген суроосуна Пайгамбарыбыз (ага Алланын салават-саламдары болсун) мындай деп жооп берген: Ыйман бул — Аллага, Анын периштелерине, Анын китептерине, Анын элчилерине, Акырет Күнүнө жана жакшылык менен жамандык тагдырдан болооруна ишенүүң.

:deciduous_tree: Ыймандын негизи жана өзөгү болуп – Кудуреттүү Улуу Алла Таалага Ыйман келтирүү эсептелет. Дин илиминде бул Таухид илими деп аталат. Муну билүүнү Алла Таала бизге фарз кылып Курани Каримде мындай деп айткан:

“Билгиниң, чындыгында Алладан башка илах жок…”.
Мухаммад сүрөөсү, 19-аят.

“Таухид илими“ деген – бул *ибадат кылууда* Алланын жалгыздыгын таанып-билүү.

Ыйман билимсиз мүмкүн эмес. Билим Ыймандын бөлүгү, ансыз Ыйман толук болбойт. Ошондуктан Аллахтын таанып билүү үчүн Таухид илимин үйрөнөлү.

© ИсламЖолу

 

 

Биздин контактылар:
www.islamjolu.kg
www.telegram.me/islamjolu
www.facebook.com/islamjolu
www.twitter.com/islamjolu
www.ok.ru/islamjolu
www.vk.com/islamjolu
www.my.mail.ru/community/islamjolu
www.instagram.com/islamjolu
+996-550-106363 (WhatsApp, Telegram)

Share

You may also like...

Добавить комментарий