Азды көптөй, жокту бардай кылып конок тоссом болобу?

Күндөрдүн биринде Сальман аль-Фарисийге кишилер конокко келип калышат. Өзү жупуну турган киши болгондуктан коноктордун алдына нан менен тузду гана коёт. Айтат: “Эгер Расулаллах бизди адаттагыдан ашыкча түйшүккө түшүүдөн тыйбаганда – силер үчүн [жакшылап коноктоюн деп] аракет кылмакмын” – деп. (Хаким: 4/123 Шакиктен риваят кылат. Шейх Альбани хадисти сахих деди “Сильсиля Сахиха”: 2392),

Башкача айтканда колумдан келбесе деле курнамыс кылып силердин алдыңарда жокту бардай, азды көптөй көрсөтүүгө аракет кылмакмын – бирок бул нерсе Шариатта тыйылган. Ошондуктан колумдан келгенче гана силерди коноктоп жатам.

Такаллюф – пайдасыз түйшүктөрдү өзүнө жүктөө, милдеттүү болбосо деле өзүн-өзү милдеттендирүү, ашыкча убара боло берүү. Бул нерсе шариатта тыйылган. Алла Таала айтат :

Айткын: Мен ал [Куран] үчүн силерден эч бир сыйлык сурабайм жана мен такаллюф кылуучулардан эмесмин” (Куран, Сод 38:86)

Такаллюф динде да болот, адамдардын күнүмдүк жашоосунда да болот.

Диндеги такаллюфтун мисалы – тахажжут намазын кыйналса да окуйм деп, уйкусу келсе да тике туруш үчүн жипке асылып алып намаз окуган аял тууралуу хадис. Пайгамбар ﷺ бул нерседен тыйып, жипти чечтирип салууну буюрат (Бухари, Муслим). Себеби түнкү нафиль намаз окуйм деген киши уйкусу келсе уктап алып, анан сергек акыбалында толук аң-сезими менен Аллахка дуа кылганы дурус.

Күнүмдүк адат-салттагы такаллюфтун мисалы – конок тосом, той өткөзөм деп карызга батып, ошол менен никесин же дагы бир тоюн белгилөө. Албетте, хадисте: “Ким [чындыгында] Аллахка жана Акырет Күнүнө ишенген болсо – коногун сыйласын” (Бухари, Муслим) делгендей, келген кишилерге меймандос болуу, даамдуу тамактарды алып чыгып коноктоо – жакшы иш. Бирок, колунда жок болсо деле, курнамыска салып, “эл эмне дейт” деген пикирден чыга албай ашыкча убара боло берүү, той өткөзөм деп карыз алуу – жакшы иш эмес. Колунда бары менен канаттанып, коногун ашыкча убара болбой узатуу зарыл.

Албетте, кимдин колунан келсе – мейманды кажетинен ашыкча коноктоп, кең дасторкон кылса – өз берешендигинен гана. Ал тыйылган такаллюфка кирбейт. Себеби бул нерсе ага оор болуп, ашыкча машакатка түшкөн жок. Качан Ибрахим пайгамбарга коноктор келгенде ал алар үчүн семиз торпогун сойду делет (Куран, аз-Зарият 51:26). Айтылып жаткан сөз – тыйылган такаллюф – колу жука болуп турса да, азды көптөй, жокту бардай кылып көрсөтүүнү аракет кылган курнамыстык тууралуу болууда.

Ашыкча убара боло берүүнүн тыйылгандыгынын бир себеби – адамдардын арасындагы байланыштардын үзүлүүсү.

Фудейл ибн Ияд айткандай: “Адамдардын арасындагы байланыш такаллюф себептүү үзүлөт: бир киши өз тууганын зыярат кылганда, ал ашыкча убара болуп, түйшүккө түшүп тигини коноктойт, ошондон кийин ал экинчи аныкына барбай калат”. Себеби ал мени коноктогондой мен дагы аны коноктошум керек деп өзүн милдеттендирип алат, анысын аткара албай, же тигини конокко чакыра албай, же кайра тигиге конокко бара албай – ушунтип мамилелер үзүлөт.

© ИсламЖолу

Биздин контактылар:
www.islamjolu.kg
www.telegram.me/islamjolu
www.facebook.com/islamjolu
www.twitter.com/islamjolu
www.ok.ru/islamjolu
www.vk.com/islamjolu
www.my.mail.ru/community/islamjolu
www.instagram.com/islamjolu
+996-550-106363 (WhatsApp, Telegram)

Share

You may also like...

Добавить комментарий