Көз мончок, тумар, амулет тагынуу болобу?

Ар түрдүү көз мончок-тумарларды, асыл таштарды тагынуу же болбосо кандайдыр бир дарактарга чүпүрөк байлоо жана булактарга барып жардам суроосу ж.б.у.с. нерселер — ыймансыздык жана бутпарастык (ширк) болуп эсептелет.

Ким бул нерселеерди «сыйкыр күчкө ээ, жана алар ийгилик алып келүү, жамандыктан коргоо, көз тийүүдөн кайтаруу жана кимдир бирөөнүн жүрөгүн сага буруп кусадар кылып коюу кудуретине ээ» деген ишенимде болсо – ойлоп көрсүнчү: бул нерселер башкаларды кой, жадагалса өздөрүн да коргой алышпайт, өздөрүнө пайда алып келе алышпайт — анан кантип башкага пайда берсин!

? Аллах Таала Куранда айтат: «Айткын: «Эгер силерге (Аллах) бир жамандык каалаган болсо, Аллахтан силерди ким сактай алат? Же Ал силерге бир ырайымдуулук кааласа Аны ким тосо алат?» Алар өздөрүнө Аллахтан башка колдоочу да, жардамчы да таба алышпайт».(«Ахзаб»сүрөсү, 17-аят)

Пайгамбар (салляЛлаху ‘алейхи уа саллям) айткан: «Ким өзүнө тумар тагып алган болсо, ал ширкке түштү». (Ахмад, 4/156 жанаал-Хаким, 4/219. Шейх ал-Албани «Сахих жами»де 11340, хадистин сахихтигин тастыктады).

? Сайид ибн Жубейр айткан: «Ким бир адамдан тумарды үзүп салган болсо, ал бир кулду азаттыка бошоткон сыяктуу [1]» («Ибн Абу Шейба «Мусаннаф»та, 23473).

Шейх ибн ‘Усаймин (рахимахуЛлах) айткан:«Бул салыштыруу жагынан, анткени ким бир жанды ширктен куткарса, аны кулдуктан куткарган сыяктуу, себеби ал — адамды шайтанга жана напсиге кул болуудан куткарды».(«Къаулюль-Муфид», 114 бет).

Шейх Фаузан (хафизахуЛлах) айткан: «Бул хадисте, ким (бир) адамдан «балээ-кырсыктан кутулуу үчүн» (деп) тагып алган (тумар)ын алып таштаса, анын сообу бир кулду азаттыка бошоткон сыяктуу болоору жөнүндө билдирүү бар. Себеби ал адам тумар тагынуу менен шайтандын кулу болуп калган, ал эми качан ал андан аны (тумарды) алып таштаганда, аны шайтанга болгон кулдуктан бошотту». (Кз: «Мулюххас фи шархи Китабит-Таухид», 86 бет).

Ким көз мончок, тумар тагынса - ширк кылган болот!

Аллах Таала Куранда айтат: «Анын (Аллах Тааланын) ордуна, эч нерсени жарата албай турган, өздөрү жаратылган, жадагалса өздөрүнө да пайда-зыян жеткире албаган, не өлтүрүү, не тирилтүү, не (өлгөндөргө) кайра жан берүү колунан келбей турган нерселерди кудай тутуп алышты!»(Куран: «ал-Фуркан», 3-аят).

Аллах Таала ошондой эле айтат: «Айткын: Силер Аллахтан башка, силерге пайда да, зыян да бере албаган нерселерге сыйынасыңарбы?! Аллах Угуучу, Билүүчү!»(Куран: «ал-Маида», 76-аят).

ℹ Адамга келген кандай гана жакшылык болбосун, жана ал кандай гана зыянга учурабасын — ал Аллах Тааланын каалоосу менен гана болот. Ошондуктан биз бардык иш-аракеттерибиздин натыйжасы жакшы болушун тек Аллах Тааладан гана сурайбыз жана жамандыктан коргоону тек Андан гана тилейбиз, жана Анын Өзүнө гана сыйынабыз.

Аллах Таала Куранда айтат: «Аллахтан башка сага пайда да, зыян да жеткире албаган “нерсеге” дуба кылба! Эгер ошентчү болсоң, анда сен заалымдардан (мушриктерден) болуп каласың!
      Эгер Аллах сени бир зыян менен кармаса, аны Өзүнөн башка эч ким арылта албайт. Эгер сага Аллах бир жакшылыкты кааласа, Анын пазилетине эч ким тоскоол боло албайт. Аллахтын жакшылыгы пенделеринин арасынан Өзү каалагандарына жетет. Ал–Кечиримдүү, Ырайымдуу».   (Куран: «Йунус»сүрөсү, 106-107).

Пайда же зыян — тек Аллах Тааланын каалоосу, насиби менен гана келет, жана жакшылыкты берген да, андан ажыраткан да бир Ал Өзү гана! Ал, ар башка тилде, ар түрдүү дуба-тилектер менен кайрылгандардын баарын угуп турат. Ал бардык нерсени, ачыктыда, кайыптыда, болуп өткөндү да, келечекти да көрүп билип турат. Бул кемчилиги жок сыпаттарга жалгыз Аллах Таала гана ээ, демек сыйынуу жана ыкластуу кулчулук кылуу жалгыз Ага гана болушу керек жана Ал гана буга татыктуу жана ылайык! Ширк — бул эң эле чоң, эң оор күнөө!

 

Көз мончокторду тагынуу — балээден кутулуш үчүн СЕБЕП да боло албайт!

Анткени бир нерсени себеп деп айтыш үчүн — ал же шариат тарабынан тастыкталган же дүйнө тажрыйбасы тарабынан тастыкталган болушу керек. Шариатта көз мончок, тумарларды тагынуу себеп деген далил келген эмес. Ал эми дүйнө тажрыйбасынан, физика же химия ж.б. илимдеринин изилдөөлөрүнөн көз мончок, тумар сактайт деген далили такыр жок. Демек, шариат жагынан да, дүйнө жагынан да — тумарлар жалган нерсе, эч пайда бербейт. Ушунун мисалында «Бул катты жыйырма жолу жөнөтсөң сага бакыт келет» деген спам каттар. Бул да жалган.

✴ Көз мончок, тумарларга ишенген адамдар ар кандай акыбалдарда болушат ✴

1) Эгер адам ишенсе “ошол тумарды тагынбай койсо зыян болот, тагынса пайда болот, бул нерсе өзүнөн өзү пайда-зыян бере алат ” деп – бул чоң ширк болот, адам Ислам дининен чыгып кетет.

2) Эгер адам ишенсе “ошол тумар өзүнөн өзү пайда-зыян алып келБейт, бирок СЕБЕП гана болот ” деп – бул кичи ширк, б.а. арам иш. Себеби Аллах койбогон себепти себеп деп ишенүү – чоң күнөө.

3) Эгер адам бул нерсеге ишенбесе, бирок баары бир деле жүрөгүндө “балким пайда-зыян болуп калышы мүмкүн” деген күмөн калса – бул дагы күнөө, себеби ширктен толук кутулбаптыр.
Чоң же кичи ширк жасоодон Аллах Таала баарыбызды сактаган болсун!

Соңунда ааламдардын Роббиси – Аллахка мактоо айтабыз!
_________

[1] Шариатка каршы жагдайды адам колу менен өзгөртүүгө аракет жасайт – эгер анын бийлиги бар болсо. М: падыша элине, атасы үй-бүлөсүнө ж.б. Ал эми бийлиги жок жерге, адам тили менен айтып, акыбалды даават аркылуу өзгөртөт. Ал эми колу менен да, тили менен да өзгөртө албаса – анда эң кеминде жүрөгү менен ошол нерсенин туура эместигин тастыктайт.

© ИсламЖолу

Share

You may also like...

Добавить комментарий