Орозонун ден-соолукка пайдалары жана таасири

Орозо – организмдин табигий табыпы

Орозонун ден-соолукка пайдалары өтө көп. Орозо – табигий табып десек болот. Орозо учурунда организм уулу заттар, шлак, туздар жана башка «таштандылардан» тазалана баштайт. Себеби сырттан келип жаткан азык заттар түгөнгөндө, организм өзүн сакташ үчүн ички элементтер менен азыктана баштайт. Ички элменеттер деген эмне? Шлактар, туздар, радикалдык элементтер, вирус жана микробдор. Булар организмибиз үчүн жакшы «азык» болуп, ал тарабынан жеп жоголонот.

Андан тышкары. Узак убакыт ачка болгондо тамакты сиңирүүгө кетип жаткан энергия — клеткаларды тазалоого сарпталат: адамдын заарасы, тери, деми аркылуу жылдап денебизге толуп калган кирлер чыга баштайт. М: Орозо учурунда 1 литр заарадан 90г кир, дем аркылуу 150 уулу заттардын түрү чыгат.

Адам эмнеге ооруйт?

Организм кир жана шлакка толуп калгандан ооруйт. Демек орозо – бул табигий табып десек болот. Далилденген илимий факт боюнча оорулардын 99 пайызын орозо кармап денеден шлактарды чыгаруу аркылуу жеңсе болот экен.

Орозонун ден-соолукка пайдалары’нын дагы бирөө, орозо учурунда организмдин функцияналы өзгөрүп, тээ тереңдикте уктап жаткан механизмдер ойгонуп – дене жаңыча иштей баштайт. ОРОЗОНУН МЕДИЦИНАЛЫК МААНИСИ – ОРГАНИЗМ СЫРТТАН ТАМАК-АШ АЛБАГАНДА – ӨЗҮНҮН ИЧИНДЕГИ ЗАТТАР МЕНЕН АЗЫКТАНУУГА ӨТҮШҮ.

Бул дегендик организм өзүн-өзү тазалоосу (самоочищение).

Көбүн эсе адам туура эмес тамактангандан ооруйт

Адамзат жылына 3 миллион тонна дары-дармек ичет – бул канча деген миллиард сом! Ал эми тамак-ашка кетирген каражат канча эсе көп. Көбүн эсе адам туура эмес тамактангандан ооруйт.

Анан ушандай болуп калып жатпайбы: Адам тамактанам деп балээнин баарын организмине толтура берет, ооруйт, анан кайра айыгам деп дары-дармек ичи берет. Бирок экинчиси биринчисинен пайдалуураак эмес.

Орозо – организм үчүн табигий дары.

Ал аркылуу дененин өзүнүн ички ресурстары ачылып, организм өзүн-өзү дарылоого өтөт. Мына, айбанаттарды карасаңыздар. Бир жери ооруса алар жаратылышындагы инстинкт аркылуу “орозо” тутуп киришет. Ушундай бир окуя болгон: Бир итти мотоцикл сүзүп кетет. Ал тамак жана суудан баш тартып, караңгы сарайда бир жума жатат. Сегизинчи күн болгондо гана суу ичип, анан кичинеден тамак жей баштайт. Медициналык көз караш менен алганда – бул жаныбар кырсык учурунда травма алган, жаратына суу толо баштаган (отёк). Ит суу ичүүдөн баш тартып өз жаратын айыктырып алды, ошентип аман калды.

Аллахтын буйруктарынан алыстап, мыйзамдарын бузган сайын адам кыйынчылыкка дуушар боло баштайт эмеспи. Мына, орозо тутпаган адамдар көп оорушат, алсыз, чабал келишет. Көрүп эле жүрбөйбүзбү.

Кошумча окуу: Рамазан айынын орозосу тууралуу Куранда айтылган аят.

Орозонун ден-соолукка пайдалары: орозо кайсыл ооруларды айыктырат?

Орто эсеп менен алганда чоң шаарда жашаган 40 жаштагы кишинин организминин 1/3 шлаккатузга жана майга толгон. Шлак жана майлар дененин “стратегиялык мааниге ээ” органдардан (мээ, жүрөк, кан-тамыр) алысыраак жерлерине биринчи чогулат: эркектерде бул курсак, аялдарда жамбаш жана бел жактары. Туздар болсо сөөк бириккен жерлерге туруп калып – остеохондроз оорусун пайда кылат. Кийин мусорлордун свалкалары толуп калып шлак организмдин стратегиялык жерлерине да келе баштайт: кан тамырлар кирге бүтөлүп атеросклероз болот, жүрөк кан-тамыр системасынын иштеши бузулуп стенокардия жана инсультка алып келет.

Организмдин интоксикацисясы (уулу заттарга толуп кетиши) – рак ооруларынын бирден бир себеби. Организм шлакка толгон кишини оорулуу деп айта албайсың, бирок дени сак деп да айтыш кыйын. Бирок бул адамдар иммунитети алсыз келип суук тийүүгө, грипп жана башка ооруларга тез-тез чалдыгып турушат. Денени бул уулу заттардан тазалоонун бирден-бир табигий методу – ОРОЗО тутуу.

Орозо тутуу аркылуу кандай илдет, оорулардан арылса болот?

🌱 Семирүү – Жер шарынын 1/3 бөлүгү жапа чеккен оору.

🌱 Гастрит, ашказан язвасы. Калктын 50% бул илдетке чалдыккан (ич ооруйт, тил агарат,ооздон жагымсыз жыттар келе баштайт).

🌱 Сахар диабети.

🌱 Жүрөк кан-тамыр оорулары (инсульт, инфаркт ж.б.)

🌱 Кан-тамырлардын атеросклерозу.

🌱 Депресия, стресс.

🌱 Аллергия, бронхиалдык астма, тери оорулары (псориаз, нейродермит, экзема), ар кандай инфекциялар.

🌱 Тукумсуздук (бесплодие).

🌱 Рак оорусунун желөөрчүлөрү (мастопатия, миома, эндометриоз).

🌱 Орозо адамды жашартат, эрте карылыктан сактайт.

🌱 Мындан тышкары ашыкча тамак, дары-дармекке кеткен чыгымдардан сактайт.

Медициналык жактан караганда орозо организм үчүн эки функция аткарат:

1) Ооруну алдын алуу (профилактика) — үч күн орозо туткан адамдын денеси өз ичиндеги заттар менен азыктанууга өтөт: бактерия жана вирустар желип жоголот.

2) Ооруну айыктыруу — Орозо учурунда организмдин функцияналы өзгөрүп, тээ тереңдикте уктап жаткан механизмдер ойгонуп – дене жаңыча иштей баштайт. Дене өз ичиндеги радикалдык элементтерди ж.б.у.с. болочок оорулардын клеткаларын, вирустарын жеп тазалайт.

Орозонун диетадан айырмасы

Диета адамдын өзүн-өзү кээ бир тамактардан тыюусу. М: жалаң гана мүйөз аш ичип, майлуу тамактарды колдонбоосу. Бирок Орозо – бул бардык тамак-аштардан баш тартуу, организмди толук ач калтыруу. Албетте, орозонун таасири диетага караганда аябай күчтүү.

Мисал катары. Орозо аркылуу тукумсуздукту дарылоо эксперименти.

Абсолюттук тукумсуздук (стерильность) медицинада чанда гана кездешчү көрүнүш. Тукумсуздуктун бирден бир себеби инфекция же организмдин оорусу (М: семирүү). Аларды айыктыруу менен тукумсуздукту дагы айыктырса болот. Окумуштуулардын байкоолору боюнча жаныбарлардын кээ бир түрлөрү семирип кеткенден кийин тукум бербей калышкан. Жаныбарлардын семирүүсү алардын денесинин алсыздыгына, демек иммунитетинин алсыздыгына алып келген. Ал эми алсыз денеге инфекциялар да тез кирет эмеспи.

Тукум берүү функциясын жандандыруу үчүн жаныбарларды ачка калтыруу – бодо мал, тоок, үй канаттуулары, балыктар үчүн колдонулуп көргөн. Натыйжалары жакшы. М: тукум бербей калган балыктарды көп убакытка чейин ачка таштап койгондон кийин алар кайра икраларын чача башташкан.

СССР учурунда тоок фабрикасында эксперимент өткөзүлөт (билогоия илимдиринин кандидаты Сурен Аракелян, Орусия, Саратов “НИИ птицеводства”, 1964-ж). Жумуртка туубай калган 1000 карыган тоокту ачка калтырып коюшат (жаныбарлар ачкалыктан стресс болбош үчүн суу жана антидепрессант препараттарын гана беришкен эле). Бир ай өткөн соң кызыктуу нерселер башталат.

Эскирген канаттарынын ордуна жаңы жаркыраган канаттар өсүп чыгат. Тооктордо жан пайда болуп, кыймылдашып, үндөрү жөжөлөрдүкүндөй бийик болуп – өзүнчө эле кайра төрөлүү болгондой. Кээ бир канаттуулар өз салмагын көбөйткөнгө да жетишишет. Эң башкысы «унутуп калган» өз вазийпаларына – жумуртка берүүгө кайра киришишет. Расмий отчёттун натыйжасы: Бир ай “орозодон” кийин 63%, эки айдан кийин 91% тоок жумуртка басып калат.

Жыйынтык сөз

Орозо – табигий табып десек болот. Орозо учурунда организм уулу заттар, шлак, туздар жана башка мусордон тазалана баштайт. Адам шлакка организми толуп калган үчүн ооруйт.

Организмдин күчү тамак сиңирүүгө эмес иммунитетти көтөрүүгө жумшалат. Ошондо адам шлактан тазаланат, ден-соолугу чыңалат. Орозонун медициналык мааниси: Организм сырттан тамак-аш албаганда өзүнүн ичиндеги заттар менен азыктанууга өтүшү, өзүн-өзү тазалоосу.

Адамдын денесине толуп калган шлактар көптөгөн ооруларды пайда кылат. Интоксикация рак ооруларынын бирден бир себеби. Орозо көптөгөн дарттарга шыпаа.

Демек, Орозо – организм үчүн табигий дары. Ал аркылуу дененин өзүнүн ички ресурстары ачылып, организм өзүн-өзү дарылоого өтөт.

© ИсламЖолу

Share

You may also like...

1 Response

  1. Мирлан:

    Биринчи суроо: Ысырык салуу ширкке киреби? Шамандар салат деп уктум.

Добавить комментарий