Намазга жеңил кароо!

Шейх Солих Аль-Усеймин (Аллах Аны Өз ырайымына алсын)

Оо, мусулмандар! Оо, Аллахтын пенделери! Көптөгөн адамдар намаздарына кайдыгеркарашат. Өз убагында окубастан, намаз убактысынан чыгып кеткен соң гана жалкоолонупаткарышат.

Оо, мусулмандар! Намаздын бир рекети болсо да, убактысы кире элек, же убактысы чыгып кеткен соң окуулуусу арам! Ал эми намаздарын баарын, убактысы чыгып кеткенден кийин
окуган адамдын абалы кандай болот? Алар намаздарын жалкоолуктун, кайдыгерликтин жана дүйнө иштерин ибадатка караганда артык көрүү себебинен ташташат. Төшөктөгү уйку же дүйнө иштери менен рахаттанып, ушул
дүйнө үчүн гана жаралгансып жашашат.
Алар Аллах Тааланын: ۞ (Ушундай) намаз окуучуларга азап-тозок болсун! ۞Алар намаздарына шалаакылык кылышат ۞ деген сөздөрүн укпагандай болушат (Мааун сүрөсу 4 — 5 аят)

Алар Аллах Тааланын:۞Андан соң алардын артынан жаман урпактар калды: Намазды окушпайт, дене кумарын ээрчип калышкан. Алар жакында катуу азапка жолугушат ۞ Ал эми, тооба кылып, ыйман келтирген жана сооп амал жасаган адамдар Бейишке киришет жана аларга эч зулумдук кылынбайт ۞ деген сөздөрүн укпагандай болушат (Марьям сүрөсү 59-60 аяттар)
Аларга Пайгамбарыбыздын (алейхи-с- солаату уас-салаам) Намаз таштоочуларга айтылган коркунуч кабары жетпегендей. Же алар ал кабарга көңул бурушпайбы?

Чындыгында Пайгамбарыбыз (алейхи-с- солаату уас-салаам) айткан: “Кимде ким аср намазын өткөзүп жиберсе, ал үй-бүлөөсүнөн жана бүткүл мүлкүнөн ажыраган же тарттырып жиберген адам сыяктуу”

Оо, Аллахтын пенделери! Аср намазын өткөзүп жиберген адам үй-бүлөөсүн жана бүткүл мүлкүнөн ажыраган адам сыяктуу болуп калат. Бул кандай чоң жоготуу!!! Арс намазын өткөзүп жиберген адам, үй-бүлөөсүнөн ажырап жалгыз жана бүткүл мүлкүнөн ажырап кедей болуп калгандай. Мына ушинтип Пайгамбарыбыз (алейхи солаату уас-салаам) айткан!

Аллах менен касам ичем ал өз ой-каалоосунан чыгарып сүйлөбөгөн!

 

© ИсламЖолу

Биздин контактылар:
www.islamjolu.kg
www.telegram.me/islamjolu
www.facebook.com/islamjolu
www.twitter.com/islamjolu
www.ok.ru/islamjolu
www.vk.com/islamjolu
www.my.mail.ru/community/islamjolu
www.instagram.com/islamjolu
+996-550-106363 (WhatsApp, Telegram)

Share

You may also like...

Добавить комментарий