Орозонун пазилеттери (Орозонун артыкчылыктарын баяндаган хадистер)

Орозонун пазилеттери жөнүндө Пайгамбар ﷺ айттытер

🟤 Аллах орозону Өзү үчүн тандап алган жана орозо кармоочуларды ченемсиз сыйлыктары менен сыйлайт. Бул тууралуу Кудсий хадисте Аллах мындай дейт: “…Мен үчүн гана кармалган орозо, Менин бул үчүн сыйлыгым бар”. Аль-Бухари Фатх: 1904, Сахих аль-Таргиб 1/407)

🟤 Пайгамбар ﷺ айтты: «Орозолуу адамда эки чон сүйүнүч бар. Бири-ооз ачып, тамактангандагы, экинчиси Аллахы менен жолугуп, Анын жамалын көргөн учуру». (Муслим 2/807)

🟤 Пайгамбар ﷺ айтты: «Орозо Акыретте орозо кармоочунун талабын талашып: «Оо, Аллах! Мен мунун тамактануудан жана каалоолорунан кайтардым эле. Ошондуктан мага шапаат кылууга уруксаат бер»,-дейт. (Ахмад 2/147. Аль-Маджма Сахих аль-Таргиб, 1/411).

🟤 Пайгамбар ﷺ айтты: «Орозолуу адамдын оозунан чыккан жагымсыз жыт Аллахтын алдында мисктин жытынан да жыпар жыт». (Муслим, 2/807).

Орозонун пазилеттери

🟤 Пайгамбар ﷺ айтты: «Орозо- адамды тозок отунан сактай турган күчтүү чеп жана коргону» (Ахмад, 2/402; Сахих аль-Таргиб, 1/411; Сахих аль- Джами 3880).

🟤 Пайгамбар ﷺ айтты: «Кимде ким Аллах үчүн бир күн орозо кармаса, Аллах ал адамдын жүзүн тозок отунан жетимиш жылдык аралыкка алыстатып коёт».(Муслим,2/808).

🟤 Пайгамбар ﷺ айтты: «Кимде ким АЛЛАХтын мээримин издеп бир күн орозо кармаса, ушул күн анын жашоосунун акыркы күнү болсо, ал бейишке кирет» (Ахмад 5/391, Сахих аль-Таргиб 1/412).

🟤 Пайгамбар ﷺ айтты: «Акыйкатта, бейиште “Ар-Раййан” деген эшик бар. Акыретте бул эшиктен орозо кармагандар гана кире алышат. Алардан башкаларга бул эшиктер жабык болот. «Орозолуулар кайда🟤 »-делинет. Анан орозолуулар киришет, эшиктер жабылат, алардан башка эч ким кире албайт».(Аль-Бухари Фатх:1797).

🟤 Пайгамбар ﷺ айтты: «Качан Рамазан айы жаңырганда, Бейиш эшиктери ачылат жана тозок эшиктери жабылып, шайтандар чынжырланат.» (аль-Бухари Фатх: 3277).

🟤 Пайгамбар ﷺ айтты: «Рамазан айындагы орозо он айлык орозого барабар.» (Муснад Ахмад, 5/280, Сахих аль-Таргиб, 1/421).

🟤 Пайгамбар ﷺ айтты: «Кимде ким Рамазан айында орозонун сыйлыктарына ишенүү жана үмүт менен орозо тутса, өткөн (эски) күнөөрү кечирилет.» (Аль-Бухари Фатх:37)

🟤 Пайгамбар ﷺ айтты: «Ар бир ооз ачуу (ифтар) убагында Аллах тозок отунан кутулуучу адамдарды тандайт» (Ахмад:5/256, Сахих аль-Таргиб:1/419)

© ИсламЖолу

Share

You may also like...

Добавить комментарий