Рамазандын орозосуна көңүл кош мамиле кылгандын жазасы (хадис)

Орозого женил карап аны кармабай коюштун жолун издегендерге ушул хадисти окуп, жүрөгүнө түйүп алышсын.

Рамазандын орозосуна көңүл кош мамиле кылуунун тиги дүйнөдөгү жазасы

Абу Умама аль-Бахили уктум дейт, Аллахтын Элчиси (ﷺ) айтты:

«Күндөрдүн биринде мага түшүмдө экөө келишти. Алар мени ийиндеримен алышып, кыйналып көтөрүлө турган тоого алып келишип, анан “Чык!” деп айтышты. Мен жооп бердим: ”Мен чыга албаймын!”. Айтышты: “Биз сага жеңилдетип беребиз”. Ошондо мен тоонун чокусуна жеткиче көтөрүлө баштадым.
Бир кезде ачуу чыңырыктарды уктум. Бул эмне кыйкырыктар? деп сурадым. Айтышты: Бул Тозок ээлеринин кыйкырыктары. Кийин арыраак барганда тарамыштарынан асылган, тытылган жаактарынан кан аккан адамдарды көрдүм. Бул кимдер? деп мен сураганда алар жооп беришти – Булар убактысынан эрте ооз ачкандар»

📚 (ан-Насаи “Сунануль-кубра”: 3273, сахих)

⚡ Карасаңыз! Орозого көңүл кош кылып, убактысынан эрте тамак жеп жиберген кишинин жазасы ушунчалык катуу. Анда, эч себепсиз орозо кармабаган адамдын акыбалын элестетип көрүңүз!! Демек, Орозо тутпаган адамдын жазасы мынданда кыйын. Себепсиз орозо кармабаган киши – чоң күнөө таап жатат.

Азыркы Рамазандын ар бир күнүн чоң мүмкүнчүлүк деп билип, орозо жана ибадат менен өткөрөлү!
© ИсламЖолу

Share

You may also like...

Добавить комментарий