ЖУМА КҮНҮҢ ДУРУС БОЛСО – БИР АПТАҢ ДУРУС БОЛОТ.

 

? Ибн аль-Коййим аль-Жаузия رحمه الله айтат:

(Жума күн) – бул күндү толук ибадатка арнаганың жакшы. Жума күнүнүн башка күндөрдөн парз жана нафиль ибадаттарында артыкчылыктары бар.

Аллах Субханаху ва Таала ар диндин өкүлдөрүнө бир күн берди, ал күндө алар дүйнө иштеринен бошонушуп, убактыларын толук ибадатка жумшашат. Ошондуктан Жума – бул ибадат күнү.

Рамазан башка айларда кандай болсо, Жума да башка күндөр арасында ошондой. Рамазандагы Кадыр Түн кандай болсо, Жума күнүндөгү дуа кабыл болчу саат ошондой (i).

Ошондуктан кимдин Жума күнү дурус болсо – калган бүт аптасы дурус болуптур. Кимдин Рамазаны дурус болсо – калган 11 айы дурус болуптур. Кимдин ажылыгы дурус болсо – калган бүт өмүрү дурус болуптур.

Жума – бир аптанын таразасы, Рамазан – бир жылдын таразасы, Ажылык – өмүрдүн таразасы эмеспи.

? (“Зад аль-Маъад”: 158) китебинен

(i) Хадисте келет: «Жума күнү ушундай саат бар: пенде ал убакта дуа кылып Алладан бир нерсе сураса, ага сөзсүз Алла сураганын берет» (Тирмизи: 490)

Ойлон, бир тууган!

— Мечитке алып барбаган буттар, Бейишке алып барабы?
— Сага адамдар тизилип намаз окуп калгыча, сен намаз окуп кал!
© ИсламЖолу

www.islamjolu.kg

Share

You may also like...

Добавить комментарий