Орозонун күндүзү жыныстык катнаш кылып алсам эмне болот?

СУРОО. Орозо учурунда бирөө аялына жыныстык алака кылган болсо анын казасына эмне кылат? Алтымыш кишини тамактандырып койсо болобу?

ЖООП. Кимге Рамазан айынын орозосу парз болуп, кийин Рамазандын күндүзү аялына жыныстык мамиле кылган болсо – ал үчүн каффарат (орозосун бузган үчүн жаза) бериш шарт. Каффарат үчүн бир кулду азат кылуусу керек. Эгер ага күчү жетпесе эки ай удаа орозо тутат.

Пенде бир ишке бекем ниет кылса – аны кылыш жеңил болот. Эгер жалкоолук кылса кыйындай туюлат. Биз үчүн бул дүнүйөдө эле Акырет жазаларын алып салган себептерди жараткан Аллахка мактоолор болсун.

Биз жогоруда суроо берип жаткан бурадарга ушундай дейбиз: “Сиз кул таба албасаңыз эки ай удаа орозо тутуңуз! Аллахтан жардам сураңыз! Эгер азыркы күндүзү ысык жана сааттар узун күндөру болбосо – эки айлык каффараттын орозосун сааттары кыска жана аба-ырайы суук болгон кыш күндөрүнө калтырып, ошондо тутсаңыз болот”.

Эгер аялы дагы жыныстык алакага өз ыктыяры менен ыраазы болгон болсо – ага дагы эриндей каффарат бериши шарт. Бирок, мажбурланган жана өзүнү коргоого күчү жетпеген болсо – аялынын орозосу дурус, бузулбайт жана ага каффарат жок. Мажбурланган жинсий алака үчүн оозу ачылып кетпейт, казасын тутпайт.

 

Шейх Мухаммад ибн Солихаль-Усеймин “Фатва жана макалалар жыйнагы”, Орозо китеби, 19-том. Фатва № 300.

© ИсламЖолу

Share

You may also like...

Добавить комментарий