Сухур менен Ифтар жөнүндө айтылган хадистер

Сухур (Саарлык)

Сухур – ооз жабуу; ооз бекитүү ниетиндеги  тамактануу. Убактысы  таңкы намазга азан чакырылганга чейин аткарылганы жакшы.

Хадис: «Сухурда береке бар, аны калтырбагыла. Бир ууртам суу болсо да аткаргыла. Акыйкатта, Аллах  сухур кылган адамдарды мактайт, периштелер алар үчүн дуба кылышат». (Муснад Ахмад)

Хадис: «Сухур кылгыла, анда береке бар». (аль-Бухари, Фатх: 4/139)

Хадис: «Сухур — берекелүү тамак, анда Китеп ээлеринен айырмачылык бар. Момундун сухурундагы эң жакшы тамак — курма».  (Абу Дауд, 2345; Сахих ат-Таргиб, 1/448).

Хадис: «…Танкы шоола карадан ак жипти айырмалагычакты   жеп, ичкиле…» деген аят түшкөндөн кийин мен кара жана ак арканды жаздыгымдын алдына жаздап коюп, түндөсү туруп карап айырмалай албай койдум. Таң эрте Аллахтын Элчисине (саллаЛлаху алейхи ва саллам) барып бул тууралуу айтканымда, ал мындай деди: «Акыйкатта, кара (өң) –түн жана  ак (өң)-күндүз».  (Бухари 33/1916)

Кошумча окуу: Сухур деген эмне? Ифтар деген эмне? — Орозого тиешелүү терминдердин кыска түшүндүрмөсү

Ифтар

Ифтар – күн уясына батканда орозо кармаган адамдардын ооз ачып, тамактанган учуру.

Хадис: «Акыйкатта, орозо кармаган адамдын дубасы кайтарылбайт (жоопсуз калбайт)». (Ибн Маджах 1753, аль-Хаким 1/422.)

Хадис: Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаЛлаху алейхи ва саллам)  ооз ачкандан кийин мындай деген: «Чаңкоо кайтты, тамырлар нымдашты, Аллахтын каалоосу менен эми сыйлык да пайда болду». (Абу Дауд 2357, аль-Байхакъи 4/239)

Кошумча окуу: Ооз ачуу адеби. Ооз ачуу дуасы.

Хадис: «Мен  Аллахтын Элчисинин  (саллаЛлаху алейхи ва саллам) орозо убагында  суу менен болсо да ооз ачпастан шам намазын окуганын көргөнүм жок». (Абу Я’ля, Ибн Хузайма.  Сахих ат-Таргиб 1076)

Хадис: «Адамдар ооз ачууга шашылуу менен жакшылыкта боло беришет» (аль-Бухари, Фатх, 4/198)

Хадис: «Качан ал жактан түн келип жана ал жактан жарык жоголгондо (күн уясына отурганда) орозолуулар ооз  ачуулары  керек». (Аль-Бухари, аль-Фатх, 1954)

Хадис: «Пайгамбарыбыз (саллаЛлаху алейхи ва саллам) ибадаттын алдында жашаң курма менен ооз ачкан учурлары болгон, жаңысы жок болсо, кургак курма менен, экөө тең жок болсо бир нече ууртам суу ичип алчу”  (ат-Тирмизи, 3/79)

Хадис:  Улуу жана Кудуреттүү Аллах Кудсий хадисте мындай дейт: “Менин кулдарымдын эң сүйүктүүсү — ооз ачканга шашылгандар” (ат-Тирмизи)

? ИсламЖолу

 http://ok.ru/islamjolu/

Share

You may also like...

Добавить комментарий