Орозо учурунда түшүркөп калуу. Күндүзү жунуп болсо орозо бузулабы?

СУРОО. Орозо киши Рамазандын күндүзү ихтилам болсо (түшүркөп калса) – анын орозосу бузулабы же жокпу? Ага гусул важиб болобу?

ЖООП. Шейх Ибн Баз (рахимахуЛлаху) айтты:

Түшүркөп калуу орозону бузбайт, себеби ал орозо кармаган адамдын ыктыярында эмес. Эгер ал [ойгонгон соң кийиминде же жаткан жеринде] суу көрсө, б.а. уругунун (мааний суюкугу) агып калганын көрсө – ага жунуптуктан тазаланыш парз болот. Эгер ал багымдаттан кийин түшүркөп жана гусул алууну пешим намазына чейин кечиктирсе – мунун зыяны жок.

Ошондой эле, түндө аялы менен кошулуп, таң аткандан кийин [багымдат намазына чейин] гусул кылса – мында да зыян жок.

Айша жана Умм Салама риваят кылышкандай: “Пайгамбар ﷺ аялы менен кошулгандан кийин жунуп болгон акыбалында таң аттырат (ооз жабат) эле. Кийин гусул кылып, орозосун тута берчү.” (Бухари: 1926; Муслим: 1109)

Ошондой эле айыз көргөн же нифас аял түндө каны токтосо [саарлыкта ооз жабып, орозо кармай баштайт]. Гусулун болсо таңда (ооз жапкандан) кийин кылса – мунун зыяны жок, орозосу дурус.

Бирок ал аялга да, жунуп болгон кишиге да гусулду же намазды күн чыккыча кечиктириш уруксат эмес, тескерисинче алар намазды өз убактысында окуу үчүн күн чыкканга чейин гусул алуулары парз болот.

Эркек киши жунуп болгондон кийин намазын жамаат менен окууга үлгүрүүсү үчүн – багымдат намазынын окулуусу алдын гусул кылууга шашылуусу керек.

Саудия Аравиясынын муфтийи
Абдулазиз ибн Баз (рахимахуЛлаху)

📲 ИсламЖолу ~ жаңы баштоочуга

https://t.me/islamjolu

Share

You may also like...

Добавить комментарий