Кадыр Түн качан болот? Кадыр Түн датасы.

📣 Рамазан айынын акыркы он күндүгү Рамазандын жыйырманчы күнү, күн батаар менен Шамда башталат.

🌙 Бул он түндүн бирөөндө миң айдан жакшы болгон түн — Ляйляту-ль-Кадр (Кадыр Түн) катылган.

❗ Кадыр Тун качан болот?
Пайгамбар (соллаЛлооху ‘алейхи ва саллям) айтты: «Аны Рамазандын акыркы он түнүндө күткүлө, так түндөрүндө күткүлө» (Бухари: 1986)

🔻 Эң көп боло турган ыктымалы — Рамазан айынын 27-түнү. Бирок башка түндөр болуп калуусу да толук мүмкүн. Аалымдар айткандай Кадыр Түн ар жылы алмашып, так числосу алдын ала белгилүү эмес. Акыркы он күндүктүн бирөөндө экени гана так маалым. Хадистерде келген баяндарга караганда акыркы он күндүктүн жуп (так эмес) түндөрү да болуп калуусу ыктымал. Андыктан, Кадыр Түндү издеп, акыркы он түндүн баарында ибадат кылган киши — эч жаңылышпайт.

Кошумча окуу: Шейх аз-Зофирий «Кадыр Түн жуп түндөрү да болуп калышы ыктымал»

🌙 Кадыр Туну эмне кылынат? Кадыр Тунду кандайча тосуу керек?

-Ибадаттын бардык түрлөрү менен:
* намаз окуу, анын ичинде таравихке катышуу.
* зикрлер.
* Аллахтан кечирим суроо (истигфар) жана тооба кылуу (тауба).
* Куран окуу.
* жана көп-көп дуа жасоо, себеби Кадыр Туну бир жылдык тагдыр чечилет. Сүннөттө Кадыр Түн үчүн бул дуа келген: «Аллаһумма! Инна-кя ‘Афуввун, тухиббуль ‘афва, фа’фу ‘анни (О Алла, Сен өтө көп Кечирүүчүсүң, Берешенсиң, кечирүүнү жакшы көрөсүң, менин күнөөлөрүмдү кечир!)» 📚 (Тирмизи, Ибн Мажа; шейх аль-Альбани хадистин сахихтигин тастыктады)

Аллах баарыбыздын кармаган орозо, кылган садака, окуган намаздарыбызды кабыл кылган болсун! Оомиин!

© ИсламЖолу

Share

You may also like...

Добавить комментарий