Эки айт арасында нике кыйса болобу? Рамазанда, Сапар айында үйлөнүү болобу?

? Рамазанда нике кылса болобу? Сапар айында үйлөнүү, Май айында уйлонуу болобу

? Эки айттын ортосунда нике кыйса болобу

❗ Нике бардык убактарды кыйыла берет. «Рамазанда, Сапар айында, Шаваль айында нике кыйылбайт» деген туура эмес түшүнүктөр эл арасында таркалып кеткен. Мундан эртерээк “Кто в мае жениться всю жизнь маится” (ким май айында үйлөнсө өмүр бою урушуп жүрөт) деп да чыгарып алышкан.

Бул илгеркилерден калган жаман ырым-жырым. Эгер адам ага ишенип, андан коркчу болсо – бул ширк болот, адамдын ыйманына доо кетет. Бул нерселерди таштоо зарыл. Момун мусулман Аллах жана Анын элчиси ﷺ айткан нерселерге гана ишенет, ырым-жырымдан алыс болот.

Пайгамбарыбыз ﷺ өз аялдары менен бардык эле айларда никелешкен. Өзгөчө бир айды белгилеп, же бир айдан качып — анткен эмес.

 

🌸 “ФЕТВАЛАР БОЮНЧА ТУРУКТУУ КОМИТЕТТЕН” эки айт арасында нике кылуу болобу деп суралганда, алар жооп беришти (фетва №19802):

Жылдын бардык күндөрүндө инсан нике кыя алат жана аялдарына жакындай алат. Бир гана Ажылык жана Умрадан башка учурда, себеби ихрамчан адамга нике кыйылбайт же ал кыйбайт.

“Эки айттын ортосунда нике кыйылбайт” ж.б.у.с. сөздөргө Шариаттан эч далил жок. Хадистерден маалым болондой Пайгамбар ﷺ Айша энебизге Шавваль айында үйлөнгөн (Шавваль – Рамазандан кийинки ай). Айша энебиз айтат: “Пайгамбар ﷺ мага Шавваль айында никелешти… Анын аялдарынын арасынан эң көп үлүшкө (бакытка) ээ болгон менден өткөн ким бар!” (Тирмизи, Ахмад).

👤 Фетвалар боюнча туруктуу комитеттин төрөгасы, муфтий АБДУЛАЗИЗ ИБН БАЗ

Булак: Фетва боюнча Туруктуу Комитеттин расмий сайты.

📲 ИсламЖолу

Share

You may also like...

1 Response

Добавить комментарий