Аялдарга жакшы мамиле кылуу боюнча айрым хадистер

 

? Аллах Таала мындай деген:
…Алар (аялдар) менен жакшы мамиледе жашагыла. Эгер силер аларды жактырбасаңар да (сабыр кылгыла). Балким, силер жаман көргөн нерседен Аллах (силерге) көп жакшылыктарды тартуу кылаар (Куран, ан-Нисаа 4:19)
? Абу Хурайра (андан Аллах ыраазы болсун) Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын салаваттары жана саламдары болсун) мындай дегенин кабарлайт:
Аялдарыңарга жакшы мамиле жасагыла, анткени, чындыгында, аял кабыргадан жасалган жана анын жогорку бөлүгү эң чоң кыйшыктыгы менен айрымаланат. Эгерде силер кабырганы түздөөгө тырышсаңар анда аны сындырып аласыңар, а эгер аны ошо боюнча калтырсаңар, анда ал ошол кыйшык боюнча калат , ошондуктан ар дайым аялдарга жакшы мамиле жасагыла! ? (Ал-Бухари; Муслим).

Бул хадистин эки Сахихте тең келтирилген башка версиясында:
Аял – кабырга сыяктуу: Аны түздөйм десең, анда ал сынып калат, а эгер ырахаттанам десең, анын кыйшыктыгы(на карабастан аны) менен ырахаттан – деп айтылат.

Бул хадистин Муслим келтирген версиясында болсо:
Чындыгында, аял кабыргадан жаратылган жана ал сен үчүн эч качан жана эч кандай түрдө түз болуп калбайт. (Ошондуктан) эгерде сен ырахаттанам десең, анда анын кыйшыктыгы менен ырахаттан, а эгер аны түздөөгө аракет кылсаң, анда аны сындырып аласың, аны сындыруу деген – бул ажырашуу! – деп келет.
? Абудаллах бин Зам’а (андан Аллах ыраазы болсун) Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын салаваттары жана саламдары болсун) мындай дегенин кабарлайт:
Силердин айрымдарыңар өз аялдарын [күндүзү] кулдары сыяктуу сабашат да, анан кеч киргенде, балким (өз зөөкүрлүгүнөн уялбастан) анын менен төшөктө жатышат ? (ал-Бухари; Муслим).
? Абу Хурайра (андан Аллах ыраазы болсун) Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын салаваттары жана саламдары болсун) мындай дегенин кабарлайт:
Момун эркек момун аялды жек көрбөшү керек, анткени, эгерде ага анын мүнөзүнүн кайсыл бир жактары жакпаган болсо, анда ал (Бейиште ага берилүүчү) башкасынан ыраазы болот ? (Муслим).

?????
© ИсламЖолу
www.islamjolu.kg

Share

You may also like...

Добавить комментарий