Ширктин пайда болуу тарыхы

Ширк эң алгач Нух пайгамбардын коомунда пайда болгон

Ибн Аббас (радияЛлаху анхума) жеткизген бир кабарда, Нух менен Адам атанын ортосунда убакыт аралыгы он кылым болгон делет (Ибн `Атыя «ал Мухаррарул Ваджиз»: 2/207; Куртуби «ал Джамиу ли ахкамил Куран»: 2/30).

Ошол убакыт аралыгында адамдар ибадаттарына ширк аралаштырбай, таухидди таза карманып өмүр кечиришкен.

Алардын арасында, элдерге ар дайым эскертип, насаат кылып турчу чыныгы такыба-салих момун инсандар болгон.

Макаланын мазмуну

📜 Ширк эң алгач Нух пайгамбардын коомунда пайда боло баштаганы белгилүү.

🎍 Андан кийинки коомдор

👣 Араб жарым аралында пайда болгон ширк жана сахаблар учурунда таухиддин ширкти жеңиши.

🎍 Биздин заманда ширк кайтадан пайда болду.

📜 БУХАРИ ХАДИС ЖЫЙНАГЫНДА ВАДД, СУВАЪ, ЙЯГУС, ЙЯЪУК, НАСР ДЕГЕН САЛИХ МОМУН ИНСАНДАР ТУУРАЛУ АЙТЫЛАТ  (Сахих ал-Бухари: 4920.)

Ал инсандар дүйнөдөн өткөндөн кийин, шайтан келип, адамдарга: «Алардын атынан эстеликтерди орноткула, силер жаман иш жасоого бет алган кезиңерде, аларды эскересиңер. Себеби алар насаат айтып токтотуп, силерди жакшылыкка чакырып жүргөн улуу инсандар эле го. Алардын айкелдерин орноткула, ошол эстеликтерди көргөн кезиңерде, алардын кандай такыба-салих адамдар болгонун эстеп, өзүңөр да ошолордой болууга умтуласыңар» — деп азгырык-шыбыроолорду жасайт. Ошентип, алар үчүн эстеликтерди орнотушат.

Арадан жылдар, жыл артынан кылымдар өтөт. Ал адамдардын эстеликтерин эмне максатта орнотулганын билген аксакал карыялар дүйнөдөн өтөт. Шайтан кайрадан келип, адамдарга: «Чындыгында, силер күнөөкөр адамсыңар, силердин дуаңарды Аллах кабыл кылбайт. Бул эстеликтерди карасаңар! Алар силердин атабабаңардын сыйынуучу кудайлары болгон. Алар Аллахка ошол айкелдер аркылуу кайрылып турушкан, ошенкенде дуаңар кабыл болот. Атабабаңардын жолунандининен баш тартпагыла, силер да ал айкелдерге ата-бабаңар сыйынган сыяктуу сыйынгыла», — деп азгырат. Ошентип адамдар ошол буттарга (идол, мушриктер сыйынган айкел, эстелик)  сыйына башташат.

Кошумча окуу:

🎑 Аллах Таала Өз мээрими менен ал адамдарды, караңгылыктан жарык нурга, ширктен Таухидге чыгаргысы келип, аларга «буттарды таштап, жалгыз Аллах Тааланын Өзүнө гана сыйынгыла» деп чакыруучу Нух пайгамбарды жиберет.

Нух (алейхис-салам) адамдарды Кудайдын Өзүнө гана сыйынуу керектигине күндүр-түндүр, жашыруун жана ачык миң жылга жакын чакырат. Бирок алар Нухтун сөздөрүнө кулак салбай, текеберчилик кылып элдерге мындай дешет: «Өз иляхтарыңарды[1] таштабагыла, “Вадды”, Сувааны, Йягусту, Йяукту жана Насрды дагы таштабагыла!” дешти» (Куран, Нух 71:23).

Ошондо Нух, Аллах Таалага кайрылып: «Роббим! Жер бетинде каапырлардан эч бирин калтырбагын» (Куран, Нух 71:26) дейт.

Куранда айтылгандай Аллах Таала Нухтун дуасына жооп берип, ширк кылып, ыйманга келбеген коомун жер менен жексен кылат. Бул окуя Худ сурөсунүн 40-44 аяттарында жана көптөгөн башка аяттарда кенен баяндалган.

🎍 АНДАН КИЙИНКИ КООМДОР

Нухтан соң келген коомдордо ширк уламдан улам пайда боло берген сайын, аларга пайгамбарлар жиберилип турат: Ад коомуна Худ пайгамбар, Самуд элине Солих пайгамбар, андан сон Ибрахим өз элине келди, анын баласы Исхактан Исраил урпактары таркашты.

Бани Исраил да ширк кыла башташты. Алардын кээ бирлери музоого сыйына башташат, алардын жасаган бул ишин Муса менен Харун тыйышат. Ал эми башка тобу Узайрды «Аллахтын баласы» деп ага табынышат.

⛪ Андан кийин келип, христиандар пайда болот. Алардын көбү Иса пайгамбарга сыйынып кетишет.

👣 АРАБ ЖАРЫМ АРАЛЫНДА ПАЙДА БОЛГОН ШИРК ЖАНА САХАБЛАР УЧУРУНДА ТАУХИДДИН ШИРКТИ ЖЕҢИШИ.

Ошондой эле, ширк Амр ибн Лухай ал-Хузаи деген адамдын себеби менен арабтарга да жетип келет. Абу Хурайрадан (радиаЛлаху анху) келген хадисте Пайгамбарыбыз (соллаЛлооху ‘алейхи ва саллям) мындай деген:

«Мен, Амр ибн Лухай ал-Хузайды өз ичегикарынын сүйрөгөн абалында Отто жүргөнүн көрдүм. Ал Ибрахимдин динин эң алгачкы болуп өзгөрткөн адам» (Бухари: 3521; Муслим: 2856; Ахмад: 2/275, 366). Араб жарым аралына буттарды эң алгачкы болуп алып келген адам ушул эле.

🔺 Ошондон тартып, буттар улам көбөйгөндөн көбөйүп, жадагалса аларды Каабанын жанына, айланасына жана ал турсун ичине да орнотуп башташкан. Адамдар Аллах Тааланын Өзүнө түз сыйынууну таптакыр калтырып, таштар аркылуу сыйынууга өтүп алышкан.

Абу Ража ал-Утариди айтат: «Наадандык доор (жахилия) кезде биз таштарга сыйынчу элек. Эгер биринчи таштан жакшыраак башка таш таап алсак, анда эскисин таштап жаңысына сыйына баштайт элек. Ал эми таптакыр таш таба албай калган кезде, топурактан бир дөңчө кылып алып, ал жерге кой алып келип, аны ошол дөңдүн үстүнө саайт элек. Андан соң ошол дөңчөнү айланып таваф жасайт элек…» (Бухари: 4376).

🌄 Бирок, ошол доордун адамдарына Аллах туура жолду көрсөткүсү келгенде, Өз мээрими катары, муваххиддердин имамы болгон Мухаммад Пайгамбарды (соллаЛлооху ‘алейхи ва саллям) жиберди.

Анын дааваты: «Жалгыз Аллахтын Өзунө гана сыйынгыла, Андан бөлөк илях жок, сыйынууга жалгыз Ал гана татыктуу. Ал эми силер сыйынып жүргөн нерселериңер, укпайт жана көрбөйт, эч нерсени сезбейт дагы жана эч кандай жардам да бере албайт» деген чакыруу эле.

Ошондо анын бул чакырыгына кулак салбай, адамдар арасында бой көтөрүп-текеберленип аны ээрчүдөн баш тарткандар чыгат. Алар: «Ал чындап эле көп иляхтарды бир эле иляхка айландырат бекен?![2] Чындыгында бул өтө таңкалычтуу нерсе» (Куран, Сад 38:5) дешет эле.

Ошондон баштап мушриктер, Пайгамбарыбыз (соллаЛлооху ‘алейхи ва саллям) менен сахабаларын кыйнап, мазактап, таш менен уруп, аларды ар түрдүү азаптарга дуушар кылышат. Пайгамбардын (соллаЛлооху ‘алейхи ва саллям) дааватына алар болгон күч-аракеттери менен каршылык көрсөтүшүп, ар түрдүү тоскоолдук-тарды жаратып турушкан.

Бирок, ал аракеттери эч кандай пайда бербейт. Тескерисинче, мусулмандар ыймандын даамын сезип, динге болгон дааваттан кайра ыкластары күчөйт, бул жолдо сабырдуу болушат.

Аллахтын муваххидерге берген убадасы менен жеңиш келип, адамдар Аллах динине топ-топ болуп кире башташат. Араб жарым чөлкөмүндө ширк такыр жоголуп, Таухид үстөмдүк кылып калат.

🎍 БИЗДИН ЗАМАНДА ШИРК КАЙТАДАН ПАЙДА БОЛДУ.

Бирок, убакыттар өтүп, адамдар арасындагы көптөгөн карама-каршылык көз караштар пайда болуп, адамдар чыныгы таухидден улам алыстай баштады. Ширк жаңы толкун, жаңы күч менен жайыла баштады. Атүгүл, кээ бир мусулмандардын өзү да андан аман кала албады, албетте Аллах ырайым кылгандардан башкасы.

Азыркы кезде ширк, таштарга табынуу менен гана эмес, ошол менен катар эле диний амалдарды Аллахка эмес башка нерселерге арноо түрдө кирип кетип жатат. Мисалы: Аллах Тааладан бөлөк нерселерге дуа-тилек менен кайрылуу, Аллахтан бөлөк нерсеге курмандык чалуу, Аллахтан бөлөк менен ант ичүү, Аллахтан башкадан шапаат тилөө ж.б.

Убактыбызды мисалдарга коротпой эле коёлу. Сыртка чыгып сабатсыз мусулмандарга карасаңыз, байкай турган нерселер жетиштүү эмеспи?!

Оорукчан адам, Аллахтан эмес бир олуя сыяктуулардан шыпаа-даба тилегенин көрөбүз, курмандык чалса Аллахка эмес бир баланча «пирине же олуяга» деп арнап жаткандарын көрөбүз, бирөө береке сураса же перзент тилесе Аллахтан эмес бир «ыйык нерсе» деп, таштардан, күмбөздөрдөн, тоолордон, дарак-тардан, булактардан, олуялардан тилеп жатканын көрөбүз. Албетте бул нерселерге Аллах Таала ырайымына алып Туура жолго түшкөндөрдүн тиешеси жок.

🎍 Бул, ар бирибиздин тынчыбызды алып, ойлондурган көйгөйүбүз, анткени биз, Аллах Таалага шерик кошпой, Анын Өзүнө гана сыйынууну тутунгандарданбыз.

Жана ар бирибиздин милдетибиз бул, Аллахтын жалгыздыгын жана Андан гана жардам сурап Ага гана сыйынуу керектигин, чыныгы Таухиддин жарык нурун адамдарга жеткирүү, түшүндүрүү!

Айткын: «Менин жолум ушундай – мен жана мени ээрчигендер, бекем илимдин негизинде Аллах тарапка даават кылабыз (Ля иляха илляЛлаху келимесине чакырабыз). Аллах кемчиликтерден таза Зат жана мен мушриктерден эмесмин»” (Куран 12:108).

© ИсламЖолу

________________

[1] Илях – сыйынуунун объектиси.

[2] Пайгамбар (соллаЛлооху ‘алейхи ва саллям) адамдарды Ля иляха илляЛллаху келимесине чакырган, б.а. сыйынылып жаткан бардык нерселерди таштап, бир гана Аллахка түз сыйынууга. Бул чакырык ошол замандагы адамдарга өтө өөн угулган. Себеби алардын салты боюнча адамдар Аллахка да, андан башка нерселерге да сыйынышкан – жана ушундай кылууну туура дин деп көрүшкөн. Качан Пайгамбар (соллаЛлооху ‘алейхи ва саллям) келип бир гана Аллахка сыйынууну жар салганда адамдар муну таң калуу менен, жактырбоо менен кабыл кылышты.

Share

You may also like...

Добавить комментарий