Сабыр кылуу ыймандан

Аллах Таала айтты: «Кандай гана кыйынчылык келбесин – ал Аллахтын буйругу менен келет. Ким Аллахка ыйман келтирсе анын жүрөгүнө хидаят [Туура Жол] берет. Аллах бардык нерсени Билүүчү» (Куран, ат-Тагообун 64:11).

◀ Аятка түшүндүрмө ▶

* Инсанга келген ар бир балээ – Аллахтын тагдырында ушундай болсун деп жазылган. Ким ошону Аллахтан деп билсе, ага сабыр кылса – Аллах ага ыйман берет.
* Аллах бардык нерсени Билүүчү, б.а. Аллах ушул сыноону билип туруп, пендесине даанышмандыгы менен берди.
* Бул аятта – сабырдын сыйлыгы адамга хидаят берилүүсү – экенине ишарат бар. Ал эми адам Туура Жолго түшсө – мындан өткөн бакыт барбы?!

? Алкама айтты: «Бул аятта – башына кыйынчылык түшкөн, ал кыйынчылыкты Аллахтан деп билип, ага ыраазы болуп, ага моюн сунгун – киши тууралуу айтылууда» (Бухари: 8/500, муъалляк)

* Алкома Ибн Койс – чоң аалым. Абу Бакр, Умар сыяктуу чоң сахабалардан таалим алган белгилүү табаин.

⚡ Муслимдин “Сахих” китебинде, Абу Хурайрадан риваят, Аллахтын Элчиси ﷺ айтты дейт:

«Адамдарда эки нерсе бар, ал эки нерсе каапырчылык деп эсептелет: Тегинин тазалыгына сөз тийгизүү жана өлгөнгө кошок айтуу» (Муслим: 67)

◀ Хадиске түшүндүрмө ▶

* Бул эки сыпат Исламга чейинки доор – жахилия – доорунан калган жаман сыпаттар.
* Булар динден чыгарбаган, кичи каапырчылык деп эсептелет, б.а. чоң күнөө.
* Тегине сөз тийгизүүгө аны айыптоо, шариат мыйзамы тастыктап турса да «бул баланчанын баласы эмес» деп айтуу кирет.
* Кошок кошуу – бул өлгөн адамдын жакшы сыпаттарын санап, тагдырга өкүнүп, сабырсыздык менен өкүрүү.
? Бухари жана Муслим Ибн Масуддан хадис келтиришет, Аллахтын Элчиси ﷺ айтты дейт:

«Ким жаагын урса, жакасын жыртса, жахилиянын урааны менен чакырса – ал бизден эмес» (Бухари: 3/131, 132; Муслим: 103)

◀ Хадиске түшүндүрмө ▶

* Адам өлгөндө ызасына чыдабай бетин тыткылап, кийимин жыртып жиберүү – жахилия наадандыгынан калган жаман сыпат.
* Жахилиянын ураанына – кошок кошуу, өзүнө өлүм тилөө же улутчулдукка, трайболизмге чакыруу кирет.
* Бирок, адам өлгөндө – тагдырга нааразы болбостон, Аллахтын ачуусун келтирчү сөздөрдү айтпастан – жүрөктөн кайгырып, көздөн жаш чыгарып ыйлоо уруксат.
* Тагдырга сөз жана амал менен нааразы болбош керек.

Колдонулган адабият:
? “Фатх аль-Мажид Шарх Китаб ат-Таухид”. Автор: Абдуррахман Ибн Хасан Аалу аш-Шейх

© ИсламЖолу

Share

You may also like...

Добавить комментарий