Аллах Таала айтты: Чындыгында, Аллах Ага ширк кылганды кечирбейт, бирок андан башка [күнөөлөрдү] кимге кааласа кечирет (4:48)
— Ширк — Аллахтан башка бирөөгө #дуа кылуу, башка бирөөдөн бир нерсе тилөө. М: арбактар бизге пайда же зыян жеткизе алат деп ишенип, аларга кайрылуу, алардан жардам күтүү.
— Ширк — Эң чоң күнөө. Ким ширктен тооба кылбай өлүп кетсе Аллах аны эч качан кечирбейт, Бейишке киргизбейт.
— Себеби дуа — бул бир гана Аллахка кылынат. Ким дуаны (тилек тилөөнү, жалбарып кайрылууну) Аллахтан башкага арнаса — чоооооң зулумдук кылыптыр, Аллахтын акысына кол салыптыр.
— Аллах ширк деген күнөөнү ушунча жаман көрөт — ширк кылган кишини тиги дүйнөдө эч кечирбейт — бирок андан башка кичирээк күнөөлөрдү кимге кааласа кечире берет. Себеби анын ырайымы Асман Жердин ортосун толтуруп салат, мээрими бардык нерсени камтып алат.
? Аллах Таала айтты: Эгер #ширк кылсаң бардык амалдарың өчөт жана жабыр тартуучулардан болосуң (39:65)
— Ким ширк кылса — бардык кылган намаздары, ибадаттары, ажылыктары күйүп жок болуп кетет. Даараты бузулган адамдын окуган намаздары кабыл болбогондой эле (ал канча миң намаз окуса да!) — ошонун мисалындай: ким ширк кылып жүрсө жасаган сооп амалдары кабыл болбойт, кандай гана чоң иштерди жасабасын.
— Өлгөндөрдүн арбактарына кайрылуу, алардан колдоо издөө, бир нерсе суроо — ширк.
— Өлгөн кишиден эч нерсе суралбайт — мейли ал пайгамбар же олуя болсун — андан эч нерсе күтүлбөйт. Өлгөн заттар тирүүлөргө — пайда да, зыян да — эч нерсе жеткизе албайт.
© ИсламЖолу — жаңы баштоочуга
www.islamjolu.kg