Ширктен сактануу ‪дуасы

Имам аль-Бухари «аль-Адаб аль-Муфрад» (716) китебинде Пайгамбарыбыз (соллаЛлооху ‘алейхи ва саллям) Абу Бакрга айтты делет:

? *«Менин жаным Анын колунда болгон Затка [б.а. Аллахка] ант! Ширк — жөрмөлөп бара жаткан кумурскадан да жашыруун болот. Ушундай сага бир нерсени үйрөтөйүмбү — эгер аны айтсаң — сенден [ширктин] азы да, көбү да кетет?
«О Алла! Билип туруп сага ‎ширк‬ кылуудан мени сакта! Ал эми билбегенимден Сенден кечирим сураймын! Сен кайыпты Билүүчүсүң!» деп айткын.»*

? (Шейх Альбани хадисти сахих деди «Сахих аль-Адаб аль-Муфрад»: 551)
? Дуанын арабча айтылышы:
Аллахумма иннии аъуузу бика ан ушрика бика ва анаа аъламу, ва астагфирука лимаа лаа аъламу, иннака анта ъаллааму-ль-гуйууб!

((اللَّهُمَّ إنِّي أعُوذُ بِكَ أنْ أُشْرِكَ بِكَ وأنَا أعْلَمُ، وأسْتَغْفِرُكَ لِـمَا لا أعْلَمُ)

© ИсламЖолу

www.islamjolu.kg

Share

You may also like...

Добавить комментарий