Сабырдын даражалары

Сабырдын даражалары 

1-Даража: Сыноого нааразы болуу – арам иш.
2-Даража: Сыноого чыдоо, тагдырга наалат сөз менен да, амал менен да айтпоо – парз.
3-Даража: Сыноого ыраазы болуу – жакшы иш, пенде Аллахты туура тааныганынын белгиси.
4-Даража: Сыноого шүгүр айтуу – эң жогорку даража. Балээлер аркылуу Аллах пендесин тазалап жатканын пенде түшүнүп, жүрөгү ошол нерсеге ыраазы болуп — Аллахка шүгүр айта баштайт..
? Анас Пайгамбарыбыздан ﷺ риваят кылат:

«Аллах Өз пендесине жакшылык кааласа – анын жазасын эртелетип, бул дүйнөдөн эле берет. Ал эми Өз пендесине жамандык кааласа – күнөөсүнүн жазасын Кыямат Күнүнө калтырып, [ошол күнү] толугу менен берет» ? (Тирмизи: 2398, шейх Альбани хадисти сахих деди).

 Хадистин түшүндүрмөсү 

*Адамга кыйынчылык жетсе ошол себептүү анын күнөөлөрү кечирилет, керек болсо бир тикенек сайылып кеткен болсо да.
* Кимди Аллах сүйсө – бул дүйнөдөн эле күнөөлөрүн тазалаш үчүн, көп-көп сыноо берет. Тиги дүйнөдөн таза бойдон Бейишке киргизет.
* Ал эми кимге жакшылык каалаБаса – көп күнөө кылганга мүмкүнчүлүк берет, күнөөсү үчүн бул дүйнөдөн эч жазалабайт, бирок Акыретте күнөөлөрү үчүн толугу менен жазалайт.
* Бул хадисте ар дайым жеңилчиликте болуудан коркууга, «бул Акыреттеги чоң балээнин белгиси эмеспи?» деп ойлоо керектигине ишарат бар.

? Пайгамбар ﷺ айтты:

«Чындыгында, сыйлык-сооптун чоңдугу балээнин чоңдугуна жараша болот. Чындыгында, эгер Аллах бир коомду жакшы көргөн болсо – аларга сыноо жиберет: ким ошого ыраазы болсо [Аллах андан] ыраазы, ким нааразы болсо [Аллах андан] нааразы» ? (Тирмизи: 2398, хадисти хасан деди).

 Хадистин түшүндүрмөсү 

* Эң чоң сыноого пайгамбарлар жана алардын ээрчүүчүлөрү дуушар болушкан, себеби Аллахка эң жакын исандар эле.
* Пайгамбарлар кыйынчылыктарга дуушар болушуп, өзүлөрүнө пайда да зыян да жеткизе алышкан эмес болсо, жана Аллах гана аларга жардам берип кыйынчылыктардан куткарган болсо – мындан биз билебиз, бардык нерсе Аллахтын гана колунда, демек, биз Аллахтан гана сурашыбыз кажет.
* Бул хадисте “Эмне үчүн адам менен ар кандай кырсыктар, кыйынчылыктар болот экенине” жооп бар.
Колдонулган адабият:
? “Фатх аль-Мажид Шарх Китаб ат-Таухид”
Автор: Абдуррахман Ибн Хасан Аалу аш-Шейх
© ИсламЖолу

Share

You may also like...

Добавить комментарий