Ыйык айлардын урматын билиңиз!

Аллах Таала бардык айлардын ичинен төрт айды «ыйык» деп өзгөчөлөдү жана алардын ыйыктыгынын урматы ирээтинде аларда күнөө кылууга тыюу салды.

Алар:
?зуль-каада,
?зуль-хижжа,
?мухаррам
?ражаб.

Ар бир мусулман ушу айлардын ыйыктыгына ыкылас менен кароосу кажет.

⚠ Ушул айларда иштелген күнөөлөр башка айларда иштелген күнөөлөргө караганда оорураак болуп саналат.
? Аллах Таала айтты: «Ошондуктан, бул айларда өздөрүңөргө зулумдук кылбагыла»
? (Куран, ат-Тауба: 36).
♨ Ибн ‘Аббас мындай дейт:
“Аллах он эки айдын ичинен төртөөнү ыйык этип, алардын маанисин улуктап, өзгөчөлөдү. Ал эми бул айларда (иштелген) күнөөлөрдү жаманыраак, ал эми солих амалдар менен соопторду көбүрөөк кылды!”

? (Ибн Абу Хатим “ат-Тафсир”: 10000)

? Зуль-Каада айы быйыл 04-авг-2016-ж. башталды. Демек, биз азыр ыйык айлардын бири болгон Зуль-Каада айында жашап жатабыз.

Кийинки ыйык ай Зуль-Хижжа буюрса 03-сент-2016-ж. башталмакчы. Ал бүткөн соң удаа Мухаррам айы башталмакчы.

? Ыйык айлардын урматын сактап, күнөөлөрдөн сактаналы, сооптуу иштерди көп кылалы — өзгөчө Зуль-Хижжа айынын алгачкы он күнүндө көп сооп иштерди кылып калалы. Ибадат сезону келе жатат!!

Ошондой эле Аллах Таала өзгөчөлөгөн мезгилдер:
⏳ ТҮНДӨРДҮН ичинен Кадыр түнүн,
⏳ КҮНДӨРДҮН ичинен Курман Айт менен Арафат күнүн,
⏳ АЙЛАРДЫН ичинен Рамазанды,
⏳ АПТАНЫН ичинен Жума күнүн
⏳ бир сутканын СААТТАРЫНЫН ичинен түндүн акыркы үчтөн бир бөлүгүн өзгөчөлөдү.

Хафиз Ибн Хажар мындай деген:

? “Аллахка мактоолор болсун. Ал убакытты жаратты. Ал жакшы иштер көбөйчү кээ бир айларды, күндөр менен түндөрдү белгилеп, бир убакытты башкасынан артык кылды. Ушундай мезгилдеги сооптор көбөет – Аллахтын Өз кулдарына түшүргөн нээматы ирээтинде, бул аларга солих иштерди иштөөдө, моюнсунуучулук кылууда жана аракетти жаңыртууда – көмөк болушу үчүн”.

? (“Латаифул-ма’ариф”: 39)

© ИсламЖолу
https://ok.ru/islamjolu

Share

You may also like...

Добавить комментарий