Шейх Усеймин — Зуль-Хижжа айындагы ибадат

Шейх Усейминдин Зуль-Хижжа айынын он күнү, алардын пазилети жана ал күндөрү кандай амалдарды аткаруу керектиги жөнүндө мусулман бир туугандарына берген насааты

СУРОО. Урматтуу шейх! Бир нече күндөн кийин Зуль-Хижжа айынын он күндүгү кирип келет. Сиз эл-журтка кандай насаат кылаар элеңиз? Сураныч, бул күндөрдүн өзгөчөлүктөрүн жана ал күндөрдө кандай амалдарды кылыш керектигин айтып берсеңиз?

ЖООП. Шейх Мухаммад Солих аль-Усеймин айтты:

Зуль-Хижжанын он күндүгү – Зуль-Хижжа айынын кириши менен башталат, жана Курман айт күнү аяктайт.

Ал күндөрү кылынган амалдар тууралуу Пайгамбар (соллаЛлооху ‘алейхи ва саллям) айтты: «Аллах үчүн зуль-хиджа айынын алгачкы он күнүндө жасалган солих амалдардан да сүйкүмдүүрөөк амалдар жок [жана (алар үчүн бериле турган сооптон) чоң сооп жок]». Андан: “Аллахтын жолундагы жихаддан дагыбы?», — деп суралган кезде, ал: «Эгер өмүрү менен мал-мүлкүн тобокелге салып, Аллах жолуна чыккан, жана булардын эч нерсесин кайтарып алып келбеген адамды санабасак, Аллахтын жолундагы жихаддан да», — деп жооп берди. (ал-Бухари 2/162, Абу Дауд 2438, ат-Тирмизи 757, ад-Дарими 1/357)

Ошондуктан, мен мусулман биртуугандарымды мындай чоң мүмкунчүлүктү колдонуп калууларына үндөйт элем. Бул – Зуль-Хижжанын он күнүндө – Куран окуу; такбир, тахлил, тахмид, тасбих ж.б. зикрдин түрлөрүн айтуу; садака; орозо сыяктуу сооп иштерди көбөйтүшсүн дейт элем. Баардык сооптуу амалдарды аткарууга аракет кылышсын.

Таңкалыштуусу, адамдар бул он күнгө кайдыгер болушканы.

Алар, Рамазандын акыркы он күнүндө ибадат кылууга жакшы аракет кылышат, бирок Зуль-Хижжа айынын он күнүндө, өзгөчө ибадат кылып калайын дегендердин эч кимисин көрө албайсың.

Эгер бул он күндүн ичинде адам сооп амалдарды кылса, Пайгамбар (соллаЛлооху ‘алейхи ва саллям) көргөзгөн солих амалдарды аткаруу менен бул он күндү “тирилтсе” – чоң бир жакшылыкка жетишкен болот!

Бул он күндүк кирип келгенде, курбанчылык чалам деген инсан, өзүнүн чачын, тырмагын же терисиндеги нерселерин албашы керек.

Бул маселе, ким курбанчылык чалам десе, ошолорго гана тиешелүү. Ал эми бирөө ал үчүн курбанчылык чалса – ал анда ала берсе болот. Эгер, бир киши сүннөттө келгендей, өзү жана үй-бүлөсү үчүн бир малды курбанчылык чалууну кааласа – анда үй-бүлө мүчөлөрү чач, тырмак же теридеги нерселерди албаш керек деген эрежеге киришпейт.

Себеби хадисте Пайгамбар (соллаЛлооху ‘алейхи ва саллям) “Эгер силердин араңардан бирөө курбандык чалууну кааласа, ал өзүнүн чачын, терисиндеги нерселерин же тырмагын албасын” деп айткан. Бул жерде кайрылуу курбандык чалууну каалаган адамга караштуу болуп жатат.

? (ал-Лико аш-Шахрий: 63-кассета)
? (“Шейх аль-Усейминдин Фетвалар жыйнагы” 21-том, 37-38 беттер)

 

«ал-Лико аш-Шахрий» лекциялар цикли тууралуу.
? Шейх Ибн Усеймин ар айдын Ишенби күндөрү Унейза шаарындагы өз мечитинде адамдар менен жолугушуу уюштурчу. Бул сабактарда кээ бир сүрөлөрдүн тафсирлерин, ибадат, ажылык жана аларга тиешелүү фикхий маселелерди баян кылчу. Ошондой эле учурдагы үммөт арасында болуп жаткан окуялар менен проблемаларга өзүнүн комментарийлерин билдирчү. Бул жолугушуулар шейхтин шакирттери тарабынан кассеталарга жаздырылып, кийин өзүнчө китеп болуп жарык көрдү.

 

Видеону телефонго көчүрүп алуу (MP4, 12 Мб)
MP3 аудио форматында жүктөп алуу (0.8 Мб)
Видеону YouTube каналынан көрүү

 

 

 

 

 

 

@islamjolu

Telegram / FB / Ok / VK / Twitter / YouTube / Instagram

Share

You may also like...

Добавить комментарий