Курмандыкты кантип чалабыз?

«Курбандык чалуу жана мал союу (өкүмдөрү) эрежелери» китебинен кыскартылып алынды.

Курбандык чалуу (Удхия) деп: “Курман Айт күндөрү, майрам себептүү, Аллах Таалага жакындоо максатында, курбандыкка мал союу” айтылат.

Бул шарияттын жөрөлгөлөрүнүн бири. Ал Куранда, Сүннөттө ошондой эле аалымдардын бир ооздон айтылган пикиринде (ижмаъ) тастыкталган.

Аллах Таала мындай дейт: “Раббиң үчүн намаз оку жана курмандык чал!” (Куран, аль-Каусар 108:2). Дагы айтты: “Айткын: «Менин намазым, курмандыгым, жашоом жана өлүмүм ааламдардын Раббиси – Аллах үчүн!…»” (Куран, аль-Анъаам 6:162).

Анас Ибн Малик баяндаган хадисте: “Аллахтын элчиси ﷺ «Бисмилляхи, валлаху акбар» деп туруп, бутун койдун мойнуна такап, өз колу менен, курбандыкка эки ала түстүү койду сойду” (Бухари, Муслим) делет.

Абдулла Ибн Умардан (Аллах алардан ыраазы болсун) баяндаган хадисте: “Алахтын элчиси ﷺ Мадинада он жыл жашады, [жана жашаган убагында дайым] Курман айтка курбандык сойчу” (Ахмад, Тирмизи) делет.

 

Курмандыкка жарай турган малдын шарттары:

1 – Курбандыкка союлган жандык: төө, уй, кой же эчки болушу керек.
2 – Шариат чектеген жашта болушу керек.
-Төө – беш жашка толгон.
-Уй – эки жашка толгон.
-Эчки– бир жашка толгон.
-Кой – 0,5 жашка толгон.
3 – Союлчу малдын кемчилиги болбоосу зарыл. Мисалы: көзү кыйшайып жакшы көрө албаганы билинип турган мал, ооруганы ачык билинип турган оорулуу мал, аксаңдап басканы билинип турган аксак мал, сөөгү көрүнүп турган өтө арык мал.
4 – Курбандыкка союлчу мал, курбандык чалган кишинин мүлкү болушу зарыл.
5 –Курмандык чалуунун шарият тарабынан бекитилген өз убактысы бар. Ал Айт намаздан кийин башталып, Зуль-Хижжанын он үчү күн батышы менен аяктайт. Күндүзү же түндө союга болот, күндүзү абзел. Эң абзели Айт намаздан кийин дароо союлганы.


Кимде ким курмандык чалууна кааласа төмөнкү нерседен сактансын:

Зуль-хижжа айы киргенден кийин курмандык чалам деген киши өзүнүн чачын, тырмагын жана денесиндеги нерселерди курмандыгын чалганга чейин алганга болбойт. Бул тууралуу Умму Саламадан келген хадисте, Пайгамбар ﷺ айтат: “Кимде ким курмандык чалууну кааласа, Зуль-Хижжа айынын он күнү киргенде ал өзүнүн чачын жана тырмагын албасын” (Муслим, Ахмад).

Бул өкүм курмандык чалагандарга тиешелүү. Ал эми бирөө ал үчүн курбанчылык чалса – анда ага тиешеси жок.

Эгер курмандык чалам деген киши өзүнүн чачын же тырмагын алып алса, ал Аллахка тооба кылсын, бирок ал нерсе курмандык чалуудан аны тоспойт.

Эгер курмандык чалам деген киши унутуп калып же билбестен өзүнүн чачын же тырмагын алып алса, анда ага күнөө жок.

? Курмандык малын мууздоо шарттары:

1 – Малды мууздачу киши акылы бар, эстүү болуусу.
2 – Ал мусулман же китеп ээлеринен (жөөт же христиан) болуусу.
3 – Курмандык чалууга ниет кылуусу.
4 –Аллахка гана багышталып союлуусу. Аллахтан башкага арноо болбойт.
5 – Аллахтын ысымынан бөлөк ат менен союу болбойт.
6 – Курч нерсе менен союлуусу.
7 – Малды мууздачу киши Аллахтын ысымын зикр кылып, соёрдо “бисмиЛлах” деп айтуусу.
8 – Мууздоо аркылуу малдын канын чыгаруу.
9 – Союлчу мал шариат тарабынан уруксат этилген мал болуусу.

 

? Курмандык малын мууздоо адептери:

1 – Кыбылага бет алуу.
2 – Малды жакшы таризде мууздоо, кыйнабоо.
3 – Жандыкты мууздаганда анын кокосу жана кекиртегин, күрө тамары менен кошо кесүү.
4 – Аллахтын ысымын айткандан кийин мууздай баштоо.
5 – Кимдин атынан союлуп жаткандыгын айтуу. Эгер өзүнүн атынан болсо «БисмиЛляхи ваЛлооху акбар! Аллахумма минка ва ляка, ъаннии. Аллахумма такоббаль миннии» (Аллахтын ысымы менен, Ал – эң улук Зат! О, Аллахым, бул мал Сенден келди жана Сага арналды, менден. О, Аллахым, кабыл кыл менден!) деп айтат. Эгер башка бирөөнүн атынан союлуп жатса «ъаннии» жана аягындагы «миннии» дегендин ордуна «ъан» деп туруп, ошол кишинин аты айтылат, «мин» деп туруп ошол кишинин аты айтылат. М: ъан Ахмад… мин Ахмад… (Ахмаддан… Ахмаддан кабыл кыл).


Сойгондогу макүрү амалдар:

1 – Мокок бычак менен сою
2 – Малдын жаны чыгып өлө электе эле ага аза берүү. Мисалы: мойнун сындыруу, тээрисин сыйрый баштоо же дене мүчөөлөрүн кескилеп жиберүү.

_______

? Колдонулган булак:
Ахкам аль-Удхия ва аз-Закаа” (Курмандыкдын жана мал союунун өкүмдөрү).
Автор: Шейх Мухаммад Ибн Солих аль-Усеймин (1929-2001-жж, Сауд Аравиясы) – ХХ кылымдын эң чоң аалымдарынын бири, факих, муфассир. Бүгүнкү күндөгү көптөгөн аалымдардын, дааватчылардын устазы.
?

© ИсламЖолу

Share

You may also like...

Добавить комментарий