Көзү ачыкка кайрылган адамдын акыбалы ?

Шейх Солих аль-Фаузан айтты:

? Көзү ачык жана төлгөчүлөргө кайрылган киши дининен айрылат

Фетвалар боюнча туруктуу Комитеттин мүчөсү, чоң аалым Шейх Солих аль-Фаузан айтты:

? Пайгамбар ﷺ “Кимде ким төлгөчүгө же көзү ачыкка барып, ал айтканга ишенсе – ал киши Мухаммедке түшүрүлгөн нерсеге каапырлык кылыптыр” деген.(Абу Дауд, сахих)

Муслим өзүнүн “Сахихинде” риваят кылат, Пайгамбар айтты: “Кимде ким төлгөчүгө келсе – анын кырк күндүк намазы кабыл болбойт”.

? Көзү ачыктарга баруу, алардан кайыпты же келечекти суроо — уруксат эмес. Аларга барып “Эмне болот? Качан үйлөнөт? Качан сапарга чыгат? Качан бул же тигил…” деп суроо – Аллахка шерик кошуу (ширк) болуп эсептелет.

Себеби ал кайыпты билем дегендерге барып, өзүнүн келечеги жана иштери тууралуу сурап жатат. Мындай адам Аллахка тобокел кылбайт экен жана кайып илими бир гана Аллах Таалага таандык экендигине ишенбейт экен.

? Булак: Шейх аль-Фаузан «Акыйда» сабагы

© ИсламЖолу

Share

You may also like...

Добавить комментарий