Мухаррам айында эмне кылабыз?


СУРОО. Мухаррам айынын орозосу же Ашура орозосу качан башталат? Ал Мухаррамдын башындабы, ортосундабы же аягындабы? Канча күн орозо тутулат? Себеби, мен “Ашура – Мухаррамдын биринчи числосунан онунчу числосуна чейин” деп уктум эле. ВаффакокумуЛлооху!


ЖООП. Муфтий Шейх Абдульазиз Ибн Бааз айтты:

Пайгамбар (саллоЛлооху алейхи ва саллям) айткан: 【Рамазан айынын орозосунан кийинки эле эң абзел орозо — Аллахтын айы — Мухаррамдагы орозо】 (Муслим: 1163). Бул — Ашуура күнү.

Хадистин мааниси: ал ай толугу менен башынан аягына чейин, анын биринчи күнүнөн баштап акыркы күнүнө чейин орозо кармалат – дегени.

Бирок, ал айды толук орозо карамбагандар үчүн анын тогузунчу жана онунчу, же онунчу жана он биринчи күндөрү өзгөчөлөнөт. Себеби жахилия[1] учурунда Пайгамбар (салоЛлаху алейхи ва саллям) Ашура күнүндө орозо тутчу. Курайшиттер да анда орозо тутушаар эле.

(Ашура күнүнүн тарыхы)

Качан Пайгамбар (саллоЛлооху алейхи ва саллям) Мадинага келгенде, ал жөөттөрдүн бул күнү орозо кармагандарын көрүп, алардан бул жөнүндө сураганда, айтышты: “Бул – Аллах Муса жана анын коомун куткарып, Фараон жана анын коомун жок кылган – күн. Ал күндүн орозосун Аллахка шүгүр келтирип Муса кармаган жана биз дагы кармайбыз” деп.

Пайгамбар (саллоЛлооху алейхи ва саллям): 【Силерге караганда Мусага биз жакыныраакбыз】 — деп айтып, ал өзү орозо тутуп, башкаларды да орозого буюрду.

Ошол себептен Ашурада орозо кармоо сүннөт болуп саналат. Сүннөткө ылайык Ашурага – анын алдын же кийин – бир күн кошуп орозо тутулат. Бул тууралу Пайгамбар (саллоЛлооху алейхи ва саллям) айткан: “Анын алдын жана андан кийин 1 күн орозо кармагыла”, башка сөзүндө “Анын алдын же андан кийин 1 күн орозо кармагыла” делет.

Башка хадисте келет: “Эгер мен кийинки жылга чейин жашасам (онунчу күнгө кошуп) тогузунчу күндү да орозо кармамакмын”. Мына ушул эң абзели.

(Ашура орозосунун тартиби)

? Онунчу күнү орозо тутулат. Себеби ал улуу күн, Мусага жана мусулмандарга чоң жакшылык жеткен күн. Ошол күнү Пайгамбарыбыз (саллоЛлооху алейхи ва саллям) орозо кармаган.

9⃣ Жана биз тогузунчу күнү орозо тутабыз – Пайгамбарыбыз (саллоЛлооху алейхи ва саллям) айтып кеткен үчүн, анын Шариатына амал кылыш үчүн.

Жана биз Ашуранын алдын же андан кийин бир күн орозо тутабыз – жөөттөргө окшошпос үчүн. Ошол үчүн хадисте “Эгер мен кийинки жылга чейин жашасам тогузунчу күндү кошуп орозо кармамакмын” делет. Демек орозону Ашуранын тогузунчу жана онунчу күндөрү кармаган жакшы. Онунчу жана он биринчи күндөрү, же айтылган үч күндүн баарын, б.а. 9-, 10-, 11-күндөрү – орозо кармаса да бул жакшы иш. Бул нерседе жөөттөрдөн айрмалануу бар.

Ал эми кимде ким Мухаррам айын толук орозо кармаса – ал үчүн бул өтө чоң пайда.

? [1] — Жахилия – Исламга чейинки доор.

? Булак: http://www.binbaz.org.sa/noor/4898

? Шейх Абдулазиз Ибн Баз (1910-1999-ж.ж.)
Сауд Аравиясынын муфтийи
“Фетва Берүү боюнча Туруктуу Комитеттин” төрөгасы
“Чоң аалымдар Кеңешинин” төрөгасы

© ИсламЖолу

Share

You may also like...

Добавить комментарий