Жаңы жыл менен куттуктаса болобу?

СУРОО. Ушул күндөрү байланыш тармактары аркылуу таркап жаткан “хижра жылынын аягында истигфар айтуу, тообо кылуу” жөнүндө насааттар, ошондой эле “Жаңы Жылдын келүүсү менен” куттуктоолор — Шариатта болобу?

ЖООП. Шейх Солих аль-Фаузан «мусулманча жаңы жыл» тууралуу айтты:

Бул нерсенин баары – бидаат. Жаңы жыл деген нерсе жок, бул жөн гана термин ирээтинде айтылчу сөз. Негизинен жаңы жыл деген нерсе жок.

? Жашоодо ар бир күн, ар бир ай жана ар бир жума жылды толуктайт, бул сенин качан туулганыңа жараша болот. Жаңы жыл деген тек гана Мухаррам айы менен эле чектелбейт. Чынында, бул жөн гана термин ирээтинде айтылыган сөз.

(Мусулман календарынын пайда болуу тарыхы)

? Умар (Алллах анадан раазы болсун), ага жумушчуларынан келген иш кагаздары, каттары качан жазылгандыгы белгисиз калганын көрүп, сахабалар менен кеңешет. Ал учурда Исанын (алейхис салям) туулган жылынан бери саналып келе жаткан календарь бар эле. Бирок алар жөөттөрдү жана христяндарды ээрчүүнү каалаган эмес. Ошол себептен алар бир пикирге келишип, Аллахтын элчисинин саллЛлаху алейхи ва саллям (Меккеден Мединага) жасаган хижрат-көчүүсүнөн тарта жылды (календарь) санай башташкан. Себеби ал исламдагы эң улуу окуя эле, ошол үчүн жылдын башы ошол хижраттан башталган.

Бул нерседе пайда бар болчу, ал нерсени кылууга муктаждык бар болчу.

Ал эми хижри жылы менен деп атайын куттуктоонун жана ага атайын дуа кылуулуунун эч бир негизи жок. Бул – бидаат.


?
Эр-Рияд, 1-октябрь 2016-ж.

? Булак: http://www.alfawzan.af.org.sa/node/16396

 

? Солих ибн Фаузан ибн Абдуллах аль-Фаузан
(1933-ж. төрөлгөн, Сауд Аравиясы) – заманбап чоң аалым, факих, шариат илимдеринин доктору. Сауд Аравиясынын Муфтияты (аль-Ляжна ад-Даима), «Чоң аалымдар Комитети» (Хайат Кибар аль-Уляма) ж.б. илимий уюмдардын мүчөсү. Көптөгөн илимий эмгектердин, лекциялардын автору.

© ИсламЖолу

Share

You may also like...

Добавить комментарий