Ашура күнүнө тиешелүү кээ бир бидааттардан сактаныңыз!

Ислам Шариатында бекитилген, эч өзгөрүлбөс эрежелердин бири – динде жаңы пайда кылынган иштердин (бидааттар) кайтарылуусу, кабыл болбоосу.


Ааламдарга мээримдүүлүк кылып жиберилген Пайгамбар ﷺ айтты: “Ким биздин бул ишибизге (динибизге) андан болбогон бир нерсе пайда кылса – ал кабыл кылынбайт!” (Бухари, Муслим). Хадистин башка версиясында айтылат: “Ким биздин бул ишибизге (динибизге) туура келбей турган бир амал кылса – ал кабыл кылынбайт!”.

Динде жаңы пайда болгон иштер – бидааттардын – өтө жамандыгы жана зыяны ушул мисал ирээтинде келтирилген эки мубарак хадистен белгилүү болот.


Кандай ниеттер менен динге киргизилбесин, биздин оюубузча кандай пайдаларды алып келбесин – бидааттар динде катуу тыйылган. Себеби башында кичине болгон бидаат, барып барып чоңоюп, өзүнчө мыйзам болуп, шариатка айланат.

Шариаттын эрежелери, мыйзамдары бир гана шариат түзүүчү болгон Аллах жана Анын расулу ﷺ тарабынан коюлат. Демек Шариаттын негизги булактары – бул Куран, Хадистер жана Ижмаъ. Бул үч булак мусулмандар үчүн эч талашсыз далил болуп эсептелинет да, буларга каршы чыккан ар кандай амалдар шек-күмөнсүз кабыл кылынбайт.

══════ ❁✿❁ ══════

Бул сөздү айтуубуздан максат – жылдар өтүп, адамдар тарабынан пайда кылынып, адатка кирип кеткен Ашура күнүндөгү айрым бидаат жана ката амалдарга – дыккат этибарыңызды буруу. Ошондой кылсак, бири-бирибиздин үстүбүздөгү насыхат акыбызды азбы-көппү аткарган болобуз.

Маалым болгондой Пайгамбарыбыз Мухаммад Мустафанын ﷺ сүйүктүү небереси Хусейн ибн Али (радияллаху анхума) өлтүрүлүүсү, тарыхчылар айткандай, Ашура күнүнө туура келген экен (“аль-Бидая ван-Нихая”: 8/137).

Бул окуя себеп болуп адамдар эки тайпага бөлүнүп кетишти.

1⃣ Бир тайпа (шииттер, рафизиттер) бул күндү өзүлөрүнө ый жана аза күтүү күнү кылып алышты. Алар бул күндө орозо тутуп, сүннөттө келген амалдарды кылуунун ордуна, акылга сыйгыс жахилия аза күтүүсүн көрсөтүшөт. Ак кийимдерге оронгон бул кишилер Ашурада денелерин тытмалап, өзүлөрүн канатып, бычактар менен кескилешип, кызыл канга боёлушат. Бидааттарына колдоо көрсөтүү үчүн негизи жок хадистерди токуп чыгарышат.

Мындай кайрыислам аракеттерден эмне чыгат? Дүйнө жүзүндөгү элдерге, өзгөчө Батыш элдерине бул жапайы көрүнүш Ислам деп көрсөтүлөт. Фитначылар, мунафыктар жана кайрыдиндер тарабынан мусулмандар арасында пайда кылынган ажырымдар, бөлүнүүлөр андан да көбөёт. Аны менен бир катар тарых барактарында калып, көмүлүп кеткен окуяларды казып чыгарышып, ушул аркылуу мусулмандар арасында таъассуб (өзүнүн жамаатына, өзүнүн идеясына фанатик болуп берилүү), бири-бирин жек көрүү күчөйтүшөт.

Ашура күнүнө байланышкан шииттердин бидааты

2⃣ Рафидит-шииттердин ачуусун келтириш үчүн, өзүн ахлю-с-суннаданмын деген кээ бир тайпадагы адамдар, бул күндү курсантчылык менен өткөзүш керек деп, күндү көңүлдүү кылуу максатында жалган хадистерди ойлоп табышты. Кантседа, бул эки тайпа ахлю-с-суннанын жолудан тайып кеткендер.

Келиңиз. Бул акыбалдар туурасында Ислам уламалары тарабынан айтылган сөздөргө кулак төшөйлүк:

══════ ❁✿❁ ══════

? Шейхул-Ислам Ибн Таймия айтты:

«Бир тайпа адамдар (шиа жана рафизиттер) Ашура күнүн ый, кайгы жана кошок кошуу күнү кылып алышып, бул күндө өзүлөрүн урушуп, кийимдерин жыртышып, жахилият доорундагыдай аза тутушат… Кайгылуу ырларды кошоктошуп, ырасынан көрө жалганы көп болгон жалган кабарларды риваят кылышат. Бул кабарлардын ичинде туурасы болсо да, ал бир гана кайгы менен таъассубту колдоо, душманчылык менен жек-көрүүнү пайда кылуу, Ислам элинин ортосунда фитна чыгаруу үчүн кызмат кылат. Алар мындай кабарларды өтүп кеткен адамдарды сөгүш жара кемсинтиш үчүн себеп кылышат… Бул тайпанын Ислам элине келтирген залалын жана жамандыгын сөзгө бай, чечен адам да санап бүтө албайт.
?
(“Мажмуъ аль-Фатава”: 25/165-166)

? Шейхул-Ислам сөзүн улайт:

«Ахлю-с-сунна мазхабынын терисин жамынган экинчи бир тайпа биринчи тайпага карама-каршы Ашура күнүнүн пазилеттери жана ал күндү кубанычта өткөзүш тууралуу жок хадистерди токуп чыгарышты. Алар бул менен биринчи тайпанын каарын келтирүүнү каалашты жана фасад менен фасадды, жалган менен жалганды, бидаат менен бидаатты жок кылабыз дешти»
? (“Мажмуъ аль-Фатава”: 25/166).

«Бул эки тайпа тең ахлю-с-сунна жолунан чыккан бидаатчылар. Биз экөөнөн тең алыспыз. Чыныгы ахлю-с-сунна бул күндө орозо тутушуп, Набий ﷺ буюрган иштерди кылышат, шайтан буюрган бидаат иштерден узак болушат» ? (“аль-Мавдууъаат”: 2/567).

? «Ашура күнүндө кээ бир адамдар адат кылгандары: көзгө сурма коюш, гусул алыш, хна коюш, (бул күн менен куттуктоо максатында) кол берип учурашышыш, дандарды бышырыш, сүйүнүүнү көрсөтүш ж.б. – булар тууралуу Пайгамбардан ﷺ же сахабалардан бир дагы сахих хадис келбеген, бул нерсенин жакшы иш экендиги тууралуу бир дагы имам, төрт мазхабтын имамдары же башкалар айтышпаган, ишеничтүү китептердин авторлорунун бирөө да бул тууралуу Пайгамбардан ﷺ же сахабалардан бир дагы хадис келтиришпеген, ал мейли сахих болсун же заиф болсун. Алгачкы үч кылымда бул хадистерден бирөө да белгилүү болгон эмес»

? (“Мажмуъ аль-Фатава”: 25/160-161)

? «Кимде ким Ашура күнү үй-бүлөсүнө кеңчилик кылып берсе, Аллах ал кишиге жыл бою кеңчилик кылат» — Ашура күнүндө үй-бүлөгө жакшы мамиле кылыш керек деген хадиске келсек, Шейх Альбаний бул хадис жөнүндө айтты: “Хадистин бардык риваят жолдору заиф болуп, кээ бирлеринин заифтиги кээ бирөөлөрүнөн да күчтүүрөөк”

? (“Заиф ат-Таргиб ват-Тархиб”: 1/313)

© ИсламЖолу

Share

You may also like...

Добавить комментарий