Таразадан алдоо — чоң күнөө

Таразадан алдоо менен алектенген киши — «Мутаффиф» деп аталат. Араб тилинен которгондо “арзыбаган, татыбас, болбогон” дегенди билдирет, б.а. аз аздан уруп отуруп, уурдаган адам.

Таразадан алдоо тууралуу аят

Аллах Таала айтты:

“1. Таразадан алдагандарга (мутоффифин) чоң азап болсун!
2. Алар адамдардан (өзүлөрүнө бир нерсени) өлчөтүп (же тарттырып) алган кезде толтуруп алышат,
3. Ал эми башка бирөөлөргө өлчөп же тартып бергенде — кемитип — беришет.
4. Алар кайра тирилүүлөрүн ойлонушпайт бекен?
5. Улуу Күн – Кыяматта!
6. Ал күнү (бардык) адамдар ааламдардын Раббисинин алдында (сурак берүү үчүн) тикесинен туруп калышат!”

? (Куран, аль-Мутоффифин 83:1-5)

 

? Имам Ибн Касир өзүнүн “Улуу Курандын Тафсири” китебинде таразадан алдоо тууралуу жазат:

≼ “Таразадан алдагандарга чоң азап болсун!” б.а., өлчөнүп же таразага тартылып сатылуучу нерселерден адамдардын акыларын жеп, алдап саткандарга.

Заджжаж айткан: “Өлчөмдү же салмакты толугу менен бербеген адам – матаффиф — деп аталды. Ага өлчөмдөн же салмактан арзыбай турган көлөмдө уурдашы себеп болгон”

Судди айтты: «Пайгамбарыбыз (саллАллаху алейхи уа саллам) Медина шаарына келгенде ал жерде Абу Джухайна аттуу адам болоор эле. Анын эки таразасы бар болчу. Бири менен ал адамдарга тартып, экинчиси менен өзүнө тартып алчу. Ошондо Аллах Таала ушул аятты түшүргөн»

Ибн Аббастан Икрима риваят кылат: “Пайгамбарыбыз (саллАллаху алейхи уа саллам) Медина шаарына келгенде, мединалыктар өлчөп же таразага тартып берүүдө эң жаман адамдар болушкан. Ошондо Аллах Таала “Таразадан алдагандарга чоң азап болсун!” деген аятты түшүргөндө, алар оңолушкан. ≽

? Булак: Тафсир аль-Куран аль-Азиим

 

Кошумча окуу:  Арак тууралуу аят жана хадистер

Таразадан алдоо жөнүндө хадис

Пайгамбар (соллаЛлооху ‘алейхи ва саллям) хадисте айтат:

«Эгер элде таразадан алдоо бар болсо — аларга кургакчылык, ачарчылык жана падышасынын зулумдуктары балээ болуп түшөт«


?
(Ибн Мажа: 4019; Шейх Альбани хадисти хасан деди: «Сахих аль-жамиъ ас-согир» 7978)

© ИсламЖолу

Share

You may also like...

Добавить комментарий