Сүннөт деген эмне?

Ырайымдуу, Мээримдүү Аллахтын аты менен баштаймын!

Сүннөт тууралуу Курандын аяттары

? «Оо ыйман келтиргендер, Аллахка баш ийгиле, Элчиге баш ийгиле жана өз араңардан (мусулман) болгон башчыңарга. Эгер бир маселеде талашып кала турган болсоңор, ошол маселени Аллахка жана пайгамбарына кайтаргыла, эгерде, Аллахка жана Кыямат күнүнө ыйман келтирген болсоңор. Ошол эң жакшы жана эң туура чечим.» ? (Куран Ниса: 59)

? «Элчи силерге эмнени берген болсо ошону алгыла да, эмнеден кайтарса, ошол нерседен дароо кайткыла. Аллахтан корккула.Чындыгында, анын азабы катуу.» ? (Куран Хашр: 7)

? «Айткын (Эй, Мухаммад): Эгерде Аллахты чындап сүйө турган болсоңор, анда мени ээрчигиле. Ошондо Аллах силерди сүйөт жана күнөөңөрдү кечирет. Аллах Кечиримдүү, Мээримдүү.» ? (Куран Али Имрон: 41)

? «Анын (Пайгамбардын) буйругуна (сүннөтүнө) каршы келгендер (бул дуйнөдө) фитнага (ширкке бидаатка) же (Акыретте) чоң азапка жолугуп калышынан сак болушсун.» ? (Куран Нур: 63)

? «(О, адамдар) Силерге Раббыңар тарабынан түшүрүлгөнгө (Куран менен Сүннөткө) ээрчигиле ! Андан башка жол башчы кылып башка бирөөлөргө ээрчибегиле!» ? (Куран Аьрооф: 3)

??

Кошумча окуу: Сүннөт деген сөздүн түшүндүрмөсү

Сүннөт тууралуу хадис

? Ирбад ибн Сарийа риваят кылган хадисте пайгамбарыбыз (соллаллоху ъалайхи уа саллам) айтат: «Менден кийин кимиңер жашай турган болсоңор, көп келишпестиктерди көрөсүңөр. Ошондо, менин сүннөтүм менен менин халифаларымдын сүннөтүн бекем кармагыла» — деп буйруган.? (Абу Дауд, Тирмизий. Хадис Сахих)

??

Сүннөттү ээрчүүнүн зарылдыгы тууралуу аалымдардын сөздөрү

? Абу Ханифа (рохимахуллох) айткан:

«Эгер хадис сахих болсо ошол менин мазхабым«.
?
(Ибн Абидийн Хашия 1/63)

? Башка сөзүндө:
«Кимде ким менин далилимди билбесе, ага менин сөзүм менен фатва берүү харам»
?
(Хашия)

? Дагы башка бир сөзүндө:
«Биз пендебиз, бүгүн бир сөз айтып, эртең ал сөздөн кайра кайтабыз

? Дагы бир сөзүндө:
«Оо Абу Юусуф, сен менден уккан баардык сөздөрүмдү жаза бербегин. Мен бүгүн бир нерсени туура деп ойлоп, эртең ал сөзүмдөн кайра кайтышым мүмкүн»
?
(Хашия)

? Андан тышкары Абу Ханифа мындай дейт:
«Эгер мен Аллахтын китебине жана пайгамбарыбыздын сүннөтүнө каршы бир сөз айтсам, менин сөзүмдү таштагыла!» ? (Ийкоз/50)

✏?✒✏?✒✏?✒

? Имам Маалик (рохимахуллох):
«Мен пендемин кээде жаңылып, кээде хакка (акыйкатка) жолугам. Менин сөздөрүмдү карагыла. Эгер Куран менен Суннага туура келсе алгыла, ал эми туура келбесе таштагыла» ? (Ибн Абдулбар Жами 2/32)

? Имам Шаафий (рохимахуллох):
«Эгер менин китебимен пайгамбарыбыздын сүннөтүнө каршы келген нерсемди тапсаңар, менин сөзүмдү таштап, пайгамбарыбыздын сүннөтүн айткыла»

Башка риваятында:
«Сүннөткө ээрчигиле, башка эч кимдин сөзүнө көңүл бурбагыла» ? (Навабий ал мажмуъ 1/63)
«Эгер хадис сахих болсо ошол менин мазхабым» ? (Навабий мажмуъ 1/65)

? Имам Ахмад ибн Ханбал (рохимахуллох) :
«Мага таклид (далилсиз ээрчуу) кылбагыла жана Маликке, Шафийге, Аузанийге жана Суфян Сауриге. Алар кайсы жактан алган болсо ошол жактан алгыла» ? (Ибн Коййим иьлаам муаккъийн)

Башка сөзүндө:
«Динде тигилердин эч кимисине таклид кылбагын. Пайгамбарыбыздан жана сахабаларынан келген нерсени алгын» ? (Абу Дауд масааили имам Ахмад 2/77)

══════ ❁✿❁ ══════

Мына ушул имамдар бир гана Куранды жана Суннаны бекем кармагыла, эч кимге ээрчибегиле эгер биздин сөзүбүз Куран менен Суннага каршы келсе биздикин таштагыла деген.

Бири дагы мага ээрчигиле, мага таклид (далилсиз ээрчүү ) кылгыла деп айтышкан эмес.

══════ ❁✿❁ ══════

Кээ бир адамдарга Пайгамбарыбыз саллаллоху ъалайхи уа саллам мындай деп айткан десен кабыл албай, менин шейхим же дамылам же баланча мазхабтын имамы минтип айткан деп, ошолордун фатвалары менен хадисти кайтарышат. ? Албетте, бул жахилдиктин, наадандыктын белгиси. Сахих хадис турганда ага каршы анын имамынын же шейхинин же дамыласынын сөзү тургай сахабалардын сөздөрү кабыл алынбайт.

? Жогорудагыга далил:

«Абдуллах ибн Аббас менен Уруат ибн Зубайрдын ортосунда хаж маселесинде келишбестик болуп, Урбат ибн Зубайр Абу Бакир менен Умар минтип айтты дегенде, Абдуллах ибн Аббас ачууланып: «АЛЛАХ таала силердин үстүңөрдөн таш жаадырабы деп коркомун. Мен силерге АЛЛАХтын элчиси Пайгамбарыбыз саллоллоху алейхи уассаллам айтты десем, силер мага Абу Бакр айтты, Умар айтты дейсиңер«- деп кайтарат.»
? (Ахмад 1/337. Сахих)

 

Талас Артыкбаев
Эл аралык Ислам Университетинин студенти.

 

 © ИсламЖолу

Share

You may also like...

Добавить комментарий