Хадистин түрлөрү. Кайсыл хадис менен далил кылынат?

Кээ бир мусулман туугандарыбыз — аларда хадис жана хадистин түрлөрү тууралуу маалыматы болбогондуктан — бирөө заиф же токулган хадистерди айтышса деле, ага ишенип, аны кабыл алыша беришет. Албетте, бул туура эмес.

Дин тууралуу сөз болгондо, биз
1) биринчи ар бир маселеге далил сурашыбыз керек.
2) эгер алып келген далили хадис болсо, анда ошол хадис биз талкуулап жаткан маселеге тиешеси барбы же жокпу жакшылап көңүл бурушубуз керек. Себеби, кээ бир адамдар маселеде тиешеси жок далилдер менен адамдарды ишендирип, өз айтып жаткандыгынын тууралыгын далилдеп коюшу толук мүмкүн.
3) анан, ал алып келген хадис сахихпи же сахих эмесби билишибиз керек.

Хадистин түрлөрү

Негизи хадистер жалпысынан үчкө бөлүнөт:

1-САХИХ, мунун түрлөрү жана даражалары бар.
Бул хадис менен далил кылынат. Кабыл алышыбыз керек.

2-ДОЪИФ (заиф, сахих эмес) бунун да түрлөрү жана даражалары бар.
Доъиф хадистер менен далил кылынБайт. Эгер хадис илимдеринин арасында бир хадисти кээ бирлери сахих, кээ бирлери доъиф дешсе далилдерине каралат. Кайсы жактын далилдери күчтүү болсо ошол жактыкы кабыл алынат.

3-Маудууъ. Бул пайгамбарыбыздын атынан жалган айтылган хадистер.
Бирөө тараптан иснаддары менен жасап, токуп коюлган хадис.
Адамдарды адаштырып динден чыгарыш максатында же өздөрүнүн ширкин же бидаатын таркатыш максатында же сүннөттү бидаат көрсөтүү максатында коюшкан .
Мындайлар менен далил кылуу харам.

Талас Артыкбаев
Эл Аралык Ислам Университетинин студенти.

 © ИсламЖолу

Share

You may also like...

Добавить комментарий