Таухид деген эмне? Таухиддин түрлөрү.

Таухид – (арабча “жалгыздоо, бир нерсени жалгыз кылуу” деген сөздөн чыгат) — Аллахты рубубияда, ысым сыпаттарында жана сыйынууда жалгыз деп ишенүү.

Таухид 3 кө бөлүнөт:

1⃣. Таухид Рубубия – Аллахтын Раббилик сыпаттарда жалгыз деп билүү.

Аллах гана Жаратуучу, Андан башка жаратуучу жок; Аллах гана ырыскы берүүчү, Андан башка ырыскы берүүчү жок; Аллах гана Башкаруучу, Андан башка башкаруучу жок ж.б. деп ишенүү.

Жаратуу өлтүрүү, тирилтүү, оору-шыпаа берүү, б.а. иштерде — Аллахты жалгыз деп ишенүү. Эч ким Аллахка бул иштерде шерик боло албайт!

– Таухид Рубубия деген эмне экен?
– Аллахтын Ага гана тиешелүү болгон иштеринде жалгыз деп билүү, б.а. Аллах гана жалгыз Жаратуучу, Ырыскы берүүчү, Тирилтүүчү, Өлтүрүүчү, Башкаруучу экенин тастыктоо.

2⃣. Таухид Асма ва Сыфат – Аллахты көркөм ысым жана улуу сыпаттарында жалгыз деп билүү.

Эч ким ысымдарында жана сыпаттарында Аллахтай боло албайт деп ишенүү. Адам Аллахты Анын ысым-сыпаттары аркылуу тааныйт.

Ошол ысымдардын жана сыпаттардын маанилерине кошо ыйман келтирүү.

Аллахтын ысымдары: “ар-Рахмаан (Мээримдүү)”, “ар-Рахиим (Ырайымын төгүүчү)”, “ас-Самииъ (Угуучу)” ж.б.

Аллахтын сыпаттары: рохма (мээримдүүлүк), самъ (угуу), басор (көрүү), важх (Аллахтын жүзү), йад (Аллахтын колу) ж.б.

Ушул ысым-сыпаттарда Аллахка эч ким окшош эмес, эч ким Ага шерик боло албайт.

Таухид деген эмне? - Сыйынууда Аллахты жалгыздоо.

3⃣. Таухид Улухия – Аллах гана сыйынууга татыктуу чыныгы Зат деп ишенүү.

Андан башка сыйынылып жаткан нерселер жалган деп ишенүү. Бир гана Аллах ибадатка татыктуу деп билүү.

Таухиддин негизи — мына ушул Таухид. Ушул Таухид менен бардык пайгамбарлар жиберилген, негизги Шариат илим ушул маңызда келет. Ага чейинки эки Таухиддин түрү адамды ушул Таухиддин түрүнө алып келиш керек.

Буга карама каршы келген нерсе — сыйынуудагы ширк.

Эч ким Аллах менен бул Таухидде да шерик боло албайт деп, эч ким Аллахтан башка ага сыйынууга, ага жалбарууга, ага дуа менен кайрылууга татыктуу эмес — деп ишенүү.

© ИсламЖолу

Share

You may also like...

Добавить комментарий