سُبْحَانَ رَبِّيَ الْعَظِيمِ
Субхана Роббия аль — Азиим
Улук Аллах Таза Зат, Роббим ар кемчиликтен Таза.
Субхана роббия ал-Азим үч жолу же андан көбүрөөк да айтса болот.
Хузайфа ибн Яман (Аллах андан ыраазы болсун) сахаба айтат :
Пайгамбарыбыз (саллАллаху алейхи уа саллам) рүкү кылганда “Субхана *Роббия аль — Азиим” — деп сажда кылганда “ Субхана Роббия аль- Аа`ла — деп үч жолу айтаар эле. (Сахих Муслим 1297)
Пайгамбарыбыз (саллАллаху алейхи уа саллам) рүкүдө көп айткан дуаларынынын бири :
سُبْحَانَكَ اللَّهُمَّ رَبَّنَا وَبِحَمْدِكَ ، اللَّهُمَّ اغْفِرْ لِي
Субхананака Аллахумма роббана уа бихамдика, Аллахумма игфир ли
Аллахым Сен Бийиксин, Тазасың. Сага Мактоолор болсун. Оо Аллахым мени кечир.
Аиша энебиз (Аллах андан ыраазы болсун) айтат : Пайгамбар (саллАллаху алейхи уа саллам) рүкү саждада ушул дуаны көп айтаар эле :
Субхананака Аллахумма роббана уа бихамдика, Аллахумма игфир ли (Бухари 761 Муслим 484)
Пайгамбарыбыз (саллАллаху алейхи уа саллам) рүкүдө айткан дагы бир дуаларынан :
سُبُّوحٌ قُدُّوسٌ رَبُّ الْمَلائِكَةِ وَالرُّوحِ
Суббуухун куддуусун роббул малааикати уа арруух
Аиша энебиз (Аллах андан ыраазы болсун) айтат :
Пайгамбар (саллАллаху алейхи уа саллам) руку саждада “Суббуухун куддуусун роббул малааикати уа арруух” — деп айтаар эле. (Муслим 487)
Бул дуаны да Пайгамбарыбыз (саллАллаху алейхи уа саллам) рүкүдө айтчу экен:
سُبْحَانَ ذِي الْجَبَرُوتِ وَالْمَلَكُوتِ وَالْكِبْرِيَاءِ وَالْعَظَمَةِ
Субхана зил Жабаруути уал малакуути уал кибрияи уал азама (Абу Дауд 873)
Урматтуу тууганым, рүкүдө бир нече дуалар келген ушуларды жаттап намазда айтыңыз.
©Ислам Жолу
?www.islamjolu.kg