Саждада окулуучу — дуа зикирлер

Саждада окулуучу — дуа зикирлер

Саждада адам баласы көп-көп дуа кылуусу керек. Себеби сажда учурунда дуалар кабыл болот. Пайгамбар (соллаЛлооху ‘алейхи ва саллям) айткан :

أقرب ما يكون العبد من ربه وهو ساجد ، فأكثروا الدعاء

«Мусулман пенде Роббисине эң жакын болгон жагдай – сажда учуру, ошондуктан көп дуа кылгыла» (Муслим: 966)
1⃣ Хузайфа ибн Яман (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: «Пайгамбарыбыз (соллаЛлооху ‘алейхи ва саллям) сажда кылганда Субхаана Роббия аль- Аа`лаа — деп үч жолу айтаар эле». ? (Муслим: 1297)

سُبْحَانَ رَبِّيَ الأَعْلَى

Субхаана Роббия аль- Аа`лаа (3 жолу)

Мааниси: Роббим ар кемчиликтен Таза жана Бийик
2⃣ Аиша энебиз айтат: Пайгамбар (соллаЛлооху ‘алейхи ва саллям) саждада ушул дуаны көп айтаар эле.

سُبْحَانَكَ اللَّهُمَّ رَبَّنَا وَبِحَمْدِكَ اللَّهُمَّ اغْفِرْ لِي

Субхаанака-Ллахумма роббанаа ва бихамдика, Аллахумма-гфир лии  (Бухари №761 Муслим №484)

Мааниси: Аллахым! Сен ар кемчиликтен Аруу — Тазасың. Сага Мактоолор болсун. Аллахым! Мени кечире көр.

3⃣ Аиша энебиз (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Пайгамбар (соллаЛлооху ‘алейхи ва саллям) руку саждада айтаар эле:

سُبُّوحٌ قُدُّوسٌ رَبُّ الْمَلائِكَةِ وَالرُّوحِ

Суббуухун куддуусун роббу-ль-малаааикати ва-рруух ? (Муслим №487)

Мааниси: Периштелердин жана Жебрейилдин Роббиси. Ал ар кемчилик айыптардан Таза -Кемчиликсиз
4⃣ Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Пайгамбар (соллаЛлооху ‘алейхи ва саллям) сажда кылган учурда айтаар эле:

اللهُمَّ اغْفِرْ لِي ذَنْبِي كُلَّهُ دِقَّهُ وَجِلَّهُ، وَأَوَّلَهُ وَآخِرَهُ وَعَلَانِيَتَهُ وَسِرَّهُ

Аллахумма игфир лии занбии куллаху диккаху ва жиллаху, ва аввалаху ва аахираху ва алааниятаху ва сирроху. (Муслим №483)

Мааниси : Оо Аллах, күнөөмдун, кичинесин дагы чоңун дагы, башкысын жана акыркысын, жашыруун жана ачык кылынганды дагы бардыгын кечире көр.
5⃣ Али ибн Аби Толиб ( Аллах андан ыраазы болсун) айтат : Пайгамбар ((соллаЛлооху ‘алейхи ва саллям)) сажда кылган учурда айтаар эле :

اللَّهُمَّ لَكَ سَجَدْتُ، وَلَكَ أَسْلَمْتُ، وَبِكَ آمَنْتُ، سَجَدَ وَجْهِي لِلَّذِي خَلَقَهُ وَصَوَّرَهُ فَأَحْسَنَ صُورَتَهُ وَشَقَّ سَمْعَهُ وَبَصَرَهُ، تَبَارَك أَحْسَنُ الْخَالِقِينَ

Аллахумма лака сажадту, ва лака асламту, ва бика ааманту, сажада важхи лиллазии холакоху ва соввароху, фа ахсана сууротаху, ва шакко самъаху ва басороху, табарака Аллаху ахсана-ль-хооликиин (Ибн Маажа №1044)

Мааниси : Оо Аллах, Сага сажда кылдым, Сага моюн сундум, Сага ыйман келтирдим. Жаратып сөлөкөт берип, эң чырайлуу жаратып, ага угуу жана көрүү сыпатын берген Ыйык Жаратуучу Аллахка жүзүм сажда кылды.

6⃣ Дагы айтат эле:

رَبِّ اغْفِرْ لِي مَا أَسْرَرْتُ وَمَا أَعْلَنْتُ

Роббигфир лии маа асрорту ва ма аъланту  (Насаи 2/220)

Мааниси : Оо Роббим жашыруун жана ашкере кылган күнөөлөрүмдү кечире көр.

 

• www.islamjolu.kg

• 0550 10 63 63 WhatsApp

• Биз соц тармактардабыз:

• Биздин YouTube: http://www.youtube.com/islamjolu
• Биздин Telegram: http://www.telegram.me/islamjolu
• Биздин VK: https://vk.com/islamjolu
• Биздин Facebook: https://facebook.com/islamjolu
• Биздин Instagram: https://www.instagram.com/islamjolu
• Биздин Odnoklassniki: http://www.ok.ru/islamjolu

Share

You may also like...

Добавить комментарий