Жалган хадистин таркашына себеп болбоңуз

Азыр – Пайгамбарыбыздын (соллаЛлооху ‘алейхи ва саллям) атынан дагы бир жалган таркатып жатышат. Ватсап, телеграм, ФБ, ОК, ВК ж.б. соцтармактар аркылуу таркатып жатышат.

Ким Рабиуль-авваль айынын башталгандыгы тууралуу башкаларга кабар таркатса — Мен анын бейишке кириши үчүн кыяматка чейин дуа кылам» деп Пайгамбар айтты – дешип таркатып жатышат.
❗Бул — жалган кабар.
❗Бул — акыркы айларда соц.тармактар аркылуу активдүү таркалып жаткан жалган хадистердин дагы бирөөсү.
Антип Пайгамбар (соллаЛлооху ‘алейхи ва саллям) айткан эмес. Бул тууралуу эч бир сахих китептерде келген эмес.

Хадис деп эле ар нерсенин баарын тарката бербеңиздер. Ошол хадис – сахихби – алгач тастыктаңыздар!  Хадистер үчкө бөлүнөт – сахих, заиф жана маудуъ. Маудуъ – дегени Пайгамбардын ﷺ  атынан жалган айтылгандар. Хадистин үч түрү тууралуу макаланы бул жерден окуңуз: http://islamjolu.kg/?p=2073

? Ким жалган хадисти таркаткан болсо – чоң күнөөгө батат.

Себеби, Аллахтын элчиси (соллаЛлооху ‘алейхи ва саллям) катуу эскертип кеткен:

«Менин атымдан жалган айтпагыла. Ким менин атымдан жалган айтса – Тозокко кирет»

жана да айткан

«Ким менин атымдан атайлап жалган айтса – өзүнө Тозоктон орун камдай берсин»

? (Бул хадистер Бухари жана Муслимдин сахих хадис жыйнактарында келет)
ОШОНДУКТАН ХАДИС ДЕП ЭЛЕ ЖАЛГАН НЕРСЕНИН БААРЫН ТАРКАТА БЕРҮҮ – БОЛБОЙТ
Муфтий  Шейх Ибн Баздын жалган хадистерди таркатуунун күнөөсү – тууралуу фетвасын окуп чыгыңыздар. Үммөттүн аталары болгон улуу аалымдарыбыздын бизге берген насаатынан пайда алыңыздар: http://islamjolu.kg/?p=2196

© ИсламЖолу сайты

Share

You may also like...

Добавить комментарий