Шейх Ибн Баз жана ууру

? Түндөрдүн биринде Шейх Ибн Бааз өз үйүндө намаз окуп жаткан болот. Бир кезде ал, тамдын үстүнө бирөө секирип киргенин угат. Шейхтин үйү борбор шаар Эр-Риядда жайгашкандыктан, ал убакта үйдү курчаган дубалдар жапыс болоор эле.

? Шейх намазын аяктаган соң, балдарын чакырып, шектүү бир добуш эшиткенин айтат. Балдары сыртка чыгып, короону ары бери тинтишип, бир жаш баланы кармап келишет. Ал бала түн ичинде шейхтин үйүнө ууруга кирген экен. Өзү Пакистандан болгон жаш бала, белгилүү аалымдын үйүнө кирип, колго түшүп, “Полицияга береби же өзү биринчи жазалайбы?” деп, эми анын чечимин күтүп турду.

? Шейх Ибн Баздын биринчи эле айткан сөзү: “Ашпозчуну ойготкула” дейт. Балдары таң калышып “Эмнеге?” дешти. Шейх: “Бул бала ачка өңдөнөт, тамак бергиле” деп балдарына буюруйт.

? Балдары ашпозчуну ойготушат. Ал туруп ууруга тамак жасап, аны тойгузат. Ал курсагын тойгузкандан кийин, Шейх андан сурады: “балам, бул ишке барууңа эмне түрткү болду?”. Ал жооп берди: “менин атам ооруп, азыр Пакистанда ооруканда жатат. Дарылануусуна он миң риял акча керек. Менде беш миң эле бар, мага дагы беш миң акча жетпегендиктен, уурулукка барып жатам” деди.

? Шейх маалыматты такташ үчүн Пакистандагы кээ бир студенттерине байланышка чыгат. Маалымат такталып чынында эле анын атасы ооруканада жатаары, ал жардамга муктаж экендиги маалым болгондон кийин, Шейх (Аллах Өз ырайымына алсын) ал баланын атасынын дарылануусун толугу менен өз жоопкерчилигине алат.

? Андан тышкары Шейх ал балага накталай колуна беш миң риял жеке муктаждыктарына деп берет. Мындай мамилени күтпөгөн баягы ууру бала — тообо келтирип, бул жаман жоругунан кайтып, Аллахтын буйругу менен Туура Жолго түшөт.

? Жада калса, кийин ал бала Шейх Ибн Бааздын (Аллах ырайымына алсын) сабагына дайыма катышып, дарстарын такыр калтырбаган студенттеринин бири болуп калат.

? Күндөр өтүп шейх Ибн Бааз да дүйнөдөн өтөт. Баягы бала Шейхтин өлгөнүн укканда, суук кабарды көтөрө албай эс үчүн жоготуп жыгылып жатты, устазын эстесе эле ыйлап жатты. Улуу аалым, улуу устаздын дүйнөдөн кетүүсү көп адамдар үчүн, анын ичинде бул жаш балага да – өтө оор тийди.
Туугандар!

? Көңул бурсаңар! Шейх бул ууру баланы кантип тарбиялап койду! Ууру Шейх Ибн Бааздын (Аллах ырыайымына алсын) үйүнө ууруга кирет. Шейх аны жазалагандын ордуна ал бала каалагандан да көбүрөөк нерсесин берет: ага тамак жасап берет, атасынын дарылануусун өз мойнуна алат, колуна акча берет – жыйынтыгында, ал ууру тооба кылып кайтып, кайра аны жакшы көргөн студенттеринин болуп калат.

? Бул нерсенин баардыгы Шейхтин (Аллах ырайымына алсын) адеп-аклагынын бийиктигин, кыраакылыгын, адамдардын каталарын кечире билгендигин көргөзөт.

 

Муфтий Шейх Абдуль-Азиз ибн Баз (1912-1999-ж.ж.) өзүнүн көп илими менен, Аллах Таалага болгон терең ыкластуулугу жана пенделерге көргөзгөн жакшы адеп-аклактуулугу менен айрымаланган, заманыбыздын чоң аалымдарынан.

Ушундай аалымдардын өмүр баяндарын окуу, алардан сабак ала билүү – кандай жакшы!

Аллах Таала Шейхти өз ырайымына алып, Фирдаус Бейиштеринин төрүн насип кылсын!
© ИсламЖолу

Share

You may also like...

Добавить комментарий