Аалымдар жана аалымга окшогондор

ℹ Илим – аалымдар’дан алынат.

Бирок, көпчүлүк карапайым калк, чыныгы аалымдарды билбей, тааныбай – өзүн аалым кылып көрсөткөн, аалымсынган адамдарды аалым деп ойлошуп – ошолордон илим алышат.

? Сүйлөгөн сөзүнө же жумшак мүнөзүнө же кээ бир кылган сооптуу иштерине алданышып – аалым эмес эле кишини, аалым кылып шайлап алышат. Кийин андан суроо сурай башташат. Тиги киши илими жок туруп жооп бере баштайт – анан өзү адашат, тигилерди кошо адаштырат.

?Чыныгы аалымдар менен өзүн аалым кылып көрсөткөндөрдүн айырмасы тууралуу окуя ?

1/3

Имам аль-Бухари жана Муслим келтирген, Абу Саид ал-Худрий риваят кылган хадисте Пайгамбарыбыз (ﷺ) айтты дейт:

«Силерден мурда жашаган элде токсон тогуз адамды өлтүргөн бир киши болгон. Бир күнү ал жер бетинде эң билимдүү киши жөнүндө сураганда, ага ибадатты көп кылган инсанды (монахты) көрсөтүштү. Монахтын алдына келип өзүнүн токсон тогуз киши өлтүргөнүн айтып, бул кылган ишине тооба кылса болобу деп сурады.

Монах: «Жок, бул нерсеге тооба жок» -деп жооп берди. Ошондо ал монахты да өлтүрүп аны менен жүздү толуктайт ?❗

Андан кийин дагы жер бетиндеги эң билимдүү инсан жөнүндө сурайт. Ага бир аалым кишини көрсөтүшөт. Ал аалымга өзүнүн жүз киши өлтүргөнүн айтат да «эми мен тооба кылсам болобу?» -деп сурайт.

? Аалым ага: «Ооба болот» -дейт да, «сени менен тообанын ортосун ким тосот», -деп кошумчалайт. Анан, аалым ал жүз киши өлтүргөнгө, “ушундай болгон бир жерге бар, ал жерде жалгыз Аллах Таалага ибадат кылган эл бар, ошолор менен сен да ибадат кыл, өз жериңе кайтпа, ал жаман жер” -дейт.

Ал аалым айткан айылга кетип баратып жолдун ортосуна жеткенде өлүм периштеси келип анын жанын алат. Ал өлгөндөн кийин мээрим жана азап периштелери келип, биринчиси бул мен жакка деп экинчиси мен жакка баруусу керек деп талаша башташат. Мээрим периштеси болсо: «Бул тооба кылып чын жүрөгү менен Аллахка кайтты,» -деп айтса, азап периштеси болсо: «Ал эч кандай жакшылык кылган жок, муну мен алып кетем» деп талашты.

Ошентип экөө талашып жатканда алардын алдына адам сүрөтүндө бир периште келди. Ал экөө аны көрүп экөөнүн талашын чечип беришин сурашты. Ал, адам сыпатында келген периште мындай деп айтты: «Эки жердин ортосун өлчөгүлө, кайсыл айылга жакын болсо, өлүк ошонуку болсун,» -деди.

Периштелер эки айылдын аралыгын өлчөштү, ибадат кылган элдин айылы тарапка жакын экенин көрүштү. Ибадат кылган элдин айылына жакын болгондуктан мээрим периштеси аны алып кетти.

? (Бул хадис Имам Бухари жана Муслимдин «Сахих» аттуу хадис жыйнактарында келтирилген)

 

Кошумча макала

[Видео] Китеп окугандын баары эле аалым эмес — Шейх Солих аль-Фаузан

[Видео] Чыныгы аалымдардын белгиси — Шейх Солих ас-Сухейми

2/3

Кандай гана сонун хадис. 100 киши өлтүрүп, тооба издеген кишинин окуясынан төмөндөгүдөй сабактарды алсак болот:

§ ААЛЫМДАР ЖАНА ААЛЫМСЫНГАНДАР

1⃣ Тооба кылайын дегенде эң илимдүү адамды издеди. Киши өлтүргөн мыкаачы болсо да, ал дин тууралуу суроону эң илимдүү адамдан гана сураш керек экендигин сезди.

2⃣ Тооба кылуу ниетинде адамдардан “ким эң илимдүү?” деп сураса, элдер ага көп ибадат кылган жөнөкөй кишини көрсөтүштү (монахты). Эмнеге? Көпчүлүк карапайым адамдар “илимдүү” деп сырткы кебетесинен аалым болуп көрүнгөн бирөөнү ойлошот: көп ибадат кылганынан, сырткы кийиминен, кооз сүйлөгөн сөзүнөн, элдин арасындагы авторитетинен эле карап аалым экен деп ойлой беришет. Илим алуу бул узун процесс экенин билишпейт, арабча эки үч сөз үйрөнүп, элдин алдында кооз сүйлөгөн адамдарды деле аалым деп ойлой беришет.

3⃣ Бирок монах аалым эмес, ал жөн гана өз алдынча ибадат кылып жаткан адам эле. Ал илимдүү деп айтылбайт. Ошондуктан Пайгамбарыбыз ﷺ: “Аалымдын жөнөкөй адамдан артыкчылыгы – толгон айдын башка жылдыздардан артыкчылыгындай” деп айтат. Жылдыздын нуру өзү үчүн, ал эми айдыкы айлана чөйрөнүн бардыгына жарыгын чачат.

Адам өзү үчүн такыба болушу мүмкүн, бирок элдерге фетва берүүгө укугу жок. Имам Малик айткандай: “Мединада жетимишке жакын такыбалыгында эч кемтик жок адам бар болчу. Кимисине болсо да Байту-ль-Малдын (мамлекеттик казына) ачкычын тапшырсаң аманатка турушмак. Бирок алардан илим алынбайт эле”. Себеби ар бир эле Куран, Хадис тууралуу сүйлөгөн адамдан илим алына бербейт. Илим берүүнүн талаптарына, шарттарына жооп берген гана киши аалым деп эсептелет, элдерге фетва бере алат.

3/3

§ КАРАПАЙЫМ АДАМДАР ААЛЫМДАР МЕНЕН ААЛЫМ ЭМЕСТИ АЙЫРМАЛАЙ АЛЫШПАЙ, СЫРТКЫ КЕБЕТЕСИНЕН, СҮЙЛӨГӨН СӨЗҮНӨН ЭЛЕ БИРӨӨЛӨРДҮ ААЛЫМ ДЕП ОЙЛОП – ОШОЛОРДОН ФЕТВА СУРАЙ БЕРИШЕТ.

4⃣ Монахтан илим издеп фетва сурашса ал дагы “менин илимим жок” деп айтпастан дароо фетва бере баштайт -“сениң тообаң кабыл эмес” деп. Себеби ал акылы менен калчап “99 адам өлтүрсө бул чоң күнөө кылыптыр, анын тообасын Аллах кабыл кылбайт” деп ойлойт. Бул сөздү уккан мыкаачы жини келип монахты да өлтүрүп салат.

☠Кайран монах. Өзүнүн тилинин балээсинен өзү жабыр тартты. Аллах балээсин бул өлтүргүчтүн колу менен ага берип койду. Балким канча деген бул күнөөкөр адамга окшош тооба издеп келген адамдардын тообасын тосту болду экен. Эми жазасы башына тийди. Акысы жок туруп дин тууралуу сүйлөө – чоң күнөөлөрдөн.

5⃣ Адамдар аалым менен жөнөкөй ибадатчыл адамды айырмалай алышпайт. Бирок көпчүлүк учурда ошол ибадатчыл адамдар да өзүн аалымсына беришет, өзүн илимдүү кылып көрсөтүшөт. Ага келген кишилерди “менден фетва сурабагалы” дегендин ордуна, аларга диний маселелерин чечип бере баштайт, сүйлөгөн сөзүндө, кийиминде, кылыгында өзүн элдерге аалымдай кылып көрсөтө беришет.

6⃣ Киши өлтүргөн мыкаачы тообасын токтотпой чыныгы аалым кишини издейт. Аалым кишиге барганда ал суроосуна туура жооп берди — “тообаң кабыл болот” деп, андан тышкары да күнөөсүнүн себебин кошо көрсөттү — “сениң айланаңдагы адамдар бузуку экен” деп, анан үчүнчүдөн бул кыйынчылыктан кутулуу жолун кошо көрсөттү — “ал жерден кетишиң керек” деди.

7⃣ Тооба кылчу киши авторитет, дос, дүйнө бардыгын таштап тооба кылуучу жолго чыкты. Жана ушул жолдо өлдү. Аллах анын тообасын кабыл кылды.

══════ ❁✿❁ ══════

✅ Ошондуктан, биз да аят жана хадис айткан ар бир кишиге эле кулагыбызды төшөй бербей, илимди кимден алып жатабыз – карайлы. Илимди, аалымдыгы тастыкталган, чыныгы илимдүү адамдардан алалы.

Улуу табаин Мухаммад Ибн Сирин айткандай: ✳Чындыгында бул илим — силердин диниңер! Ошондуктан карагыла — кимден диниңерди алып жатасыңар!

Ибн Сирин: "Чындыгында бул илим - силердин диниңер! Ошондуктан карагыла - кимден диниңерди алып жатасыңар!" - аалымдар жана аалымсынгандар тууралуу

© ИсламЖолу

Share

You may also like...

Добавить комментарий