Шейх Ибн Баз ким? Кыскача өмүр баяны.

 

Шейх Ибн Баз’дын төрөлүшү жана өсүшү

Абдулазиз ибн Баз ибн Абдуллах ибн Абдурахман ибн Мухаммад ибн Абдуллах. Баз урпакгынан чыккан. Баздар илимге бекемдиги, соода менен дыйкан тармагында так жана эмгекчилдиги менен илгертен бери белгилүү болуп келген үй-бүлө. Алардын түбү Мединадан чыккан.

Келечектеги аалым  Абдуль-Азиз Ибн Баз 1330 хижра жылы  Зульхижжа айынын он экинчи күнү (21-ноябрь, 1912-ж.) Нежд аймагынын борбору Эр-Рияд шаарында жарык дүйнөгө келген.

Урматтуу Шейх Абдулазиздин (Аллах ырайымына алсын) алгач жашоосунун башында көзү көрчү эле, андан кийин Аллахтын каалоосу менен  анын көрүүсү алсыздап, 1346-хижрат жылы (1928-ж.) көзүнө түшкөн оору күч алып эки көзүнө таркап, 1350-хижрат жылы жылы (1932-ж.) ал көрүүсүн толугу менен жоготот.

Ошол кезде ал жыйырма жашка толуп калган кези эле. Бирок бул нерсе аны илим талап кылуудан кармап же ага болгон умтулуусун азайткан жок. Балким ал илим талап кылууну токтотпостон, чоң-чоң (раббаний) аалымдардын алдында отуруп илим алууну улантып, алардан көптөгөн пайдаларды алат.

Сабак берген шейхтеринен ал өзүнүн кийинки илимий жашоосуна көптөгөн жакшы таасирлерди ала алды. Алардан туура акыйда (ишеним), пайдалуу илим, бийик максатка умтулуу, эң мыкты адеп-аклак, таалим жана тарбия үйрөнө алды.

 

Шейх Ибн Баз’дын адеп-аклагы

Шейх Абдулазиз (Аллах ырайымына алсын) акылман, көрөгөч, абдан кыраакы киши болгон. Аны менен сүйлөшүп маек курган кишиге же алдында отуруп сабак алган окуучуларга анын жогоруда айтылган сыпаттарга ээ экени дароо байкалчу. Ал адамдарга кандай мамиле кылыш керектигин, алардын деңгээлине жараша мамиле кылууну өтө жакшы билген.

Шейх даанышман болгондуктан, чыныгы динге чакыруучулардын жана илим окугандардын оюн, максатын мыкты билгендиктен – аларга өзгөчө урмат-сый көргөзүп, башкаларга караганда көбүрөөк көңуүл буруп, алардын акыбалын дайыма сурап турчу.

Ошондой эле Шейхтин татаал суроолорду жана илимий мүшкүлдөрдү чечүүдө кыраакылыгы бар эле. Ага суроо берилсе, ага өтө маани берип, кунт коюп угуп, суроону бир нече жолу окутуп, маселенин чоо-жайын анык билген соң гана аны – чечүүгө киришчү.

Шейхке фатва жана суроолор менен кайрылгандар, өздөрүнө дайыма так  жооп ала алышчу. Эгер Шейхке суроо берген адам карапайым калктан болсо ага жеңил жана жеткиликтүү кылып жалпак тил менен жооп берчү, ал эми илим аркалап жүргөндөрдүн суроосуна өтө кылдаттык менен карап, шашпай түшүндүрүп, көптөгөн аалымдардын сөздөрүнөн келтирип жооп берчү.

 

Шейх Ибн Баз’дын китептери, илимий эмгектери

Шейх (Аллах ырайымына алсын) өзүнөн кийин көп нерселерди калтырды. Ислам акыйдасы боюнча ар түрдүү китептерге жана башка ар тармактар боюнча көптөгөн эмгектерге толгон Ислам китепкана калтырды.

Ошондой эле ал бидаат жана жаман иштерден эскертип кетти.

Фикх, Усуль аль-Фикх, Фикх эрежелери, ибадат жана муамалат, арам соода-сатыктар ж.б. тууралуу эмгектерди жазды.

Хадис, Мусталах аль-Хадис, Усуль аль-Хадис илимдеринде да жазды.

Зикрлер жана алардын пайдалары тууралуу да жазып кетти.

 

Шейхтин (Аллах ырайымына алсын) кээ бир эмгектери:

 

  • “Аль-адилля аль-кашифа ли-ахто баъд аль-кутуб” (Айрым китептердин каталарын ачкан далилдер).
  • “Аль-адилля ан-наклия уа аль-хиссия аля имкани-с-суъуд иляль кауакиб уа аля жарияни-ш-шамси уа сукуни-ль-арди”.
  • “ад-Дурус аль-Мухимма ли-ъааммати аль-Умма” (Жалпы үммөткө маанилүү сабактар)
  • “Икомату-ль-барахин аля хукми ман истагоса бигайриЛлях ау саддко аль-кахана уаль-ъараафин”
  • “Аль-имам Мухаммад ибн Абдульуаххаб: дауатуху уа сиратуху” (Имам Мухаммад ибн Абдульуаххаб: Анын дааваты жана өмүр баяны).
  • “Баяну маъна Ля илаха илляЛлах” (Ля илаха илляЛлах келимесинин маанисин баяндоо).
  • “Ат-тахкик уаль ийдах ли-касир мин масаилиль хажжи уал умра уаз-зияра аля доуаль-китаб уас-сунна”
  • “Танбихат хаама аля ма катабаху Мухаммад ибн Али ас-Сабуни фи сифатиЛлахи азза уа жаль”
  • “Аль-акыйдату-с-сахииха уа ма юдодуха” (Туура акыйда жана ага каршы келеген нерселер).
  • “Ад-дауа иляЛлах” (Аллахка даават кылуу).
  • “Танбих хамм аля казбиль уасиятиль мансуба иля-ш-Шейх Ахмад”
  • “Вужуб аль-амали бис-суннати уа куфру ман анкараха”
  • “Ад-дауа иляЛлахи субханаху ва ахлаку-д-дуат” (Аллах Таалага чакыруу жана дааватчылардын адеб-аклактары).
  • “Ар-расаилу уаль фатауа ан-нисаия”
  • “Аль-Фатауа” (Фатвалар)
  • “Аль-фауаидуль жиллия филь мабахисиль фардия”
  • “Мажмуа расаиль фит-тахара уас-сола уаль-вуду” (Тазалык, намаз жана даарат тууралуу каттардын жыйнагы).
  • “Накду-ль-каумиййати-ль-арабия аля доуи-ль-ислами уа-ль-уакиъ”
  • “Вужуб аль-амри биль-мааруф уан-нахи ани-ль-мункар” (Жакшылыка чакырып, жамандыктан кайтаруунун милдеттүүлүгү).
  • “Шарху-ль-усулу-с-саласа” (Үч негиз китебинин түшүндүрмөсү).
  • ж.б.
Share

You may also like...

Добавить комментарий